Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Чоң-Алай филиалынын кадрлар жана ишкагаздарын жүргүзүү боюнча кызмат ордуна -1 орун;

Квалификациялык талаптар:

Кесиптик билим деңгээли:

  • Жогорку билими: юриспруденция, филология, экономика, тил илими, социология, геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, кыймылсыз мүлктү башкаруу.

Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:

  • Муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.

Төмөнкүлөрдү билүү:

  • мамлекеттик жана расмий тилдерди мыкты билүү;
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Этика кодекси;
  • «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №49 токтому менен бекитилген мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №301 токтому менен бекитилген Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин «Кыймылсыз мүлк үчүн бирдиктүү маалымат тутумунан жана жергиликтүү органдарынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби жөнүндө» жобосу;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 7-майындагы №255 токтому менен бекитилген кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы №545 токтому менен бекитилген жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы жөнүндө убактылуу жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы №53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо.

Билгичтиги:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо.

Көндүмдөрү:

  • мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • маалымат базасында иштей билүү;
  • жумуш убактысын үнөмдүү пайдалануу;
  • компьютерде иштей билүү (MS Windows, MS Office, Internet, электрондук почтаны башкаруу ж.б.).

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

  • өздүк арызы, кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөт 3×4 см;
  • резюме;
  • билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  • автобиография (кол жазуу менен);
  • паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктаган документтин түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек);
  • аскердик билеттин көчүрмөсү;
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.

Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 15-июлунан баштап 25-июлга чейин, саат 08:30дан 17:30га чейин Чоң-Алай району, Дароот-Коргон айылы, Ч. Сулайманов көчөсү №70 дареги боюнча кабыл алынат.

Байланыш номери: +996 779 361 757.

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Сынактын датасы, убактысы жана орду кошумча жарыяланат.