Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек филиалы кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн иш кагаздар боюнча адиси кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт – 1бирдик.

Квалификациялык талаптар жана жеке сапаттары

Иш кагаздарын жүргүзүүчү катчы кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат.

Кесиптик билимдин деңгээли:

Багыттары боюнча жогорку билими: экономика, тил илими, социология, геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, юриспруденция, мүлктү баалоо жана башкаруу.

Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:

Тажрыйба талап кылынбайт.

Кесиптик компетенттүүлүк:

Билүүсү зарыл:

  • мамлекеттик жана расмий тилдерди;
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  • «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
  • «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;
  • «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы №760 «Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомун;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы»;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы №255 токтому менен бекитилген «Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө» жобону;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы №53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону.

Чеберчилиги:

  • иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
  • анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү;
  • ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;
  • өз ишин жана башкаруу ишин натыйжалуу пландаштыруу.

Жөндөмдүүлүгү:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  • маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
  • конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;
  • маалымат базалары менен иштөө;
  • презентацияларды даярдоо;
  • кызматтык убакытты рационалдуу пайдалануу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тилдерди билүүсү:

  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү.

Компьютерде иштей билүүсү:

  • MS Office;
  • электрондук почтаны колдонуу;
  • маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү;
  • АМТ «Infodocs» (ЭИКЖТ).

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

  • өздүк арыз;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
  • 3×4 см фотосүрөт;
  • билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • КРнын ИИМинен соттуулугу жоктугу тууралуу маалым кат;
  • медициналык справка — 086-У формасы;
  • автобиография (өз колу менен);
  • билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • аскердик билеттин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгарылганын, квалификациясын жогорулатууну ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • паспорттун же өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска келгенде паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы көрсөтүлөт).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 16-июлунан баштап 29-июлга чейин, саат 08:30дан 17:30га чейин Бишкек ш., Эркиндик пр. 57 дареги боюнча кабыл алынат.

Байланыш номери: 62 03 46.