2026-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин кеңешме залында “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасы тарабынан өлкөнүн 40 районунда жүргүзүлүп жаткан жер фондун инвентаризациялоо иштеринин жыйынтыктарын талкуулоо жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө 40 райондогу жер фондун инвентаризациялоо материалдарын санариптештирүү иштери толугу менен аяктаганы маалымдалды. Натыйжада республика боюнча бардык райондордун картографиялык материалдары жана ведомосттору электрондук форматка өткөрүлдү.
Инвентаризациянын жыйынтыгында айыл аймактарындагы жер аянттары ар бир контур боюнча такталып, жерлердин категориясы, түрү жана аянты тууралуу маалыматтар электрондук базага киргизилди.
Белгиленгендей, жүргүзүлгөн иштердин негизинде 2026-жылдын аягына чейин министрликтерге, мамлекеттик агенттиктерге, ишкана-мекемелерге жана жарандарга жер боюнча маалыматтар толук жана жеткиликтүү түрдө сунушталат.
Жер фондун инвентаризациялоо жана санариптештирүү иштери жер ресурстарын натыйжалуу башкарууга, так эсепке алууга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.






