Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Мамлекеттик картография кызматынын 50 жылдык мааракеси бүгүн салтанаттуу түрдө белгиленди.
Мааракелик иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген адистер, картография тармагындагы чет өлкөлүк өкүлдөр, ардагер кызматкерлер жана Жер агенттигинин кызматкерлери катышты. Иш-чара жылуу маанайда өтүп, келген коноктор куттуктоо сөздөрүн айтып, каалоо-тилектерин жана белектерин тапшырышты.
Салтанаттын жүрүшүндө Жер агенттигинин директорунун биринчи орун басары Жакшылык Токтосунов сөз сүйлөп, картография тармагы өлкөнүн өнүгүшүндө өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Ал өз сөзүндө акыркы жылдары Жер агенттиги тарабынан тармакты модернизациялоо, санариптештирүү жана материалдык-техникалык базаны жаңылоо багытында олуттуу иштер жүргүзүлүп жатканын айтты. Ошондой эле заманбап GPS жабдуулары, жаңы технологиялар жана санариптик кызматтар картография жана геодезия тармагындагы иштердин сапатын жана ылдамдыгын жогорулатып жатканын белгиледи.
Мааракенин алкагында картография тармагында көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан 5 кызматкер ар кандай алкыштар, төш белгилер жана ардак грамоталар менен сыйланышты.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар тармактын мындан аркы өнүгүшүнө ийгиликтерди каалап, кызматкерлерге бекем ден соолук жана иштерине ийгилик тилешти.
Эске салсак, мамлекеттик картография кызматы 1976-жылы түзүлүп, жарым кылымдан бери өлкөдө геодезия, картография жана жерге жайгаштыруу тармактарынын өнүгүшүнө маанилүү салым кошуп келет. Бул жылдар аралыгында кызмат тарабынан картографиялык материалдарды даярдоо, топографиялык-геодезиялык иштерди жүргүзүү, координаттар системасын өнүктүрүү жана Кыргызстандын мейкиндик маалыматтарынын заманбап инфраструктурасын калыптандыруу боюнча ири иштер аткарылган.
______________________________________________
Торжественное мероприятие, посвященное 50-летию Государственной картографической службы при Государственном агентстве по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики, состоялось сегодня.
В юбилейном мероприятии приняли участие специалисты из всех регионов страны, представители зарубежных картографических организаций, ветераны службы и сотрудники Земельного агентства. Мероприятие прошло в теплой атмосфере, гости выступили с поздравительными речами, а также передали свои пожелания и памятные подарки.
В ходе торжественной части с приветственным словом выступил первый заместитель директора Земельного агентства Жакшылык Токтосунов, который отметил особую роль картографической отрасли в развитии страны.
В своем выступлении он подчеркнул, что в последние годы Земельным агентством проводится масштабная работа по модернизации отрасли, цифровизации и обновлению материально-технической базы. Также было отмечено, что современные GPS-оборудования, новые технологии и цифровые сервисы способствуют повышению качества и оперативности работ в сфере картографии и геодезии.
В рамках юбилейного мероприятия 5 сотрудников, многие годы добросовестно трудившихся в сфере картографии, были награждены благодарностями, нагрудными знаками и почетными грамотами.
В завершение мероприятия участники пожелали дальнейших успехов в развитии отрасли, а сотрудникам — крепкого здоровья и успехов в работе.
Напомним, Государственная картографическая служба была создана в 1976 году и на протяжении полувека вносит значительный вклад в развитие геодезии, картографии и землеустройства в стране. За эти годы службой проведена масштабная работа по подготовке картографических материалов, выполнению топографо-геодезических работ, развитию системы координат и формированию современной инфраструктуры пространственных данных Кыргызстана.










