Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ош филиалынын каттоо жана маалымат берүү бөлүмүнүн башчысы бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт -1 бирдик

2. Квалификациялык талаптар жана жеке сапаттары

Бөлүмдүн башчысынын кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкү кызматтык талаптар коюлат:
Атайын сертификациялоону үйрөтүү тартиби жөнүндө жобо менен каралган милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган, ээликтен ажыратуу келишимдеринин негизинде келип чыккан укуктарды каттоо сертификаты милдеттүү түрдө болууга тийиш.

Кесиптик билим деңгээли:

  • Жерге жайгаштыруу, юриспруденция, кыймылсыз мүлктү башкаруу багыты боюнча жогорку билим

Иш тажрыйбасы жана стажы:

  • кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо системасында эң аз 3 (үч) жылдык иш тажрыйбасы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 (беш) жылдык иш тажрыйбасы.

Мындан тышкары мурдагы соттуулугу жоюлган статусу.

Кесиптик компетенттүүлүк:

Билими:
Төмөнкү ченемдик укуктук актылар менен иштей билүүсү зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

  • «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобо (2022-жылдын 31-майындагы № 291);

  • Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы (КРӨнүн 20.03.2020-ж. №120 токтому);

  • Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;

  • Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси;

  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамы (02.06.1999-ж. №46);

  • Кыргыз Республикасынын Суу кодекси;

  • Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамы;

  • Кыргыз Республикасынын «Угатайдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Мыйзамы;

  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;

  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Мыйзамы;

  • Кыргыз Республикасынын “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” мыйзамы;

  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;

  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;

  • Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамы;

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 Тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөө Регламенти;

  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы жөнүндө Жобосу;

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 3-мартындагы № 120 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 Токтому менен бекитилген кызматтык пайдалануу үчүн маалыматты камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө Жобо;

  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин этикалык кодекси;

  • Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери (КРӨнүн 15.02.2011-ж. № 49 токтому);

  • Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы (22.12.1998-ж. № 153);

  • Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлккө укуктар жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо ишмердигин жөнгө салган мыйзам актылары;

  • ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу процедуралары;

  • эмгек, өндүрүш жана башкарууну уюштуруу негиздери;

  • эсептеп чыгуу, коммуникация жана байланыш каражаттары;

  • эмгек коргоо эрежелери менен ченемдери;

  • Кызматтын башка ички актылары.

Чеберчилиги:

  • иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

  • анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг;

  • ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерлик;

  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

  • кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;

  • өз ишин жана башкаруу ишин натыйжалуу пландоо;

Жөндөмдөрү:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

  • маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

  • картографиянын негиздерин билүү;

  • топографиялык жана геодезиялык иштердин негиздерин билүү жана аларды картография материалдарына колдонуу;

  • административдик иштер боюнча жол-жоболорду билүү;

  • маалымат технологияларынын негиздерин билүү;

  • конфликт кырдаалдарын жөнгө салуу;

  • маалымат базалары менен иштөө;

  • презентацияларды даярдоо;

  • кызматтык убакытты рационалдуу пайдалануу;

  • компьютер жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тилдерди билүүсү:

  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү.

Компьютерде иштей билүүсү:

  • MS Office;

  • электрондук почтаны колдонуу;

  • маалымат базалары менен иштөө шыктары;

  • АМТ Infodocs (ЭИЖ).

Жеке сапаттары:

  • чынчылдык;

  • калыстык;

  • жоопкерчиликтүүлүк;

  • тартиптүүлүк;

  • аткаруучулук;

  • тырышчаактык;

  • демилге;

  • натыйжалуулук;

  • жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу.

Негизги жүрүм-турум компетенциялары:

  • инновацияга басым жасоо;

  • командалык иш;

  • натыйжага багыт алуу;

  • аналитикалык ой жүгүртүү;

  • стратегиялык иш;

  • профессионалдык өнүгүү;

  • ийкемдүүлүк;

  • лидерлик сапат жана башкалардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү;

  • маданият аралык компетенция.

3. Кызматтык милдеттери

  • Филиал жана Бөлүм жөнүндө жоболорго жараша Бөлүмдүн ишмердигин уюштуруу;

  • кыймылсыз мүлккө катталган укук белгилөөчү жана укук тастыктоочу документтердин өз убагында берилишине көзөмөлдү камсыздоо;

  • кыймылсыз мүлккө катталган укук жана чектөөлөр жөнүндө маалыматтын белгиленген мөөнөттө даярдалышы жана тартууланышын камсыздоо;

  • Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан катталган укук жана чектөөлөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин эң аз бир айда бир жолу тандама текшерүүсүн жүргүзүү, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана тартип жазасын колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө Филиалдын жетекчилигине сунуш киргизүү;

  • Филиалдын жетекчилигинин бекитүүсүнө бөлүмдө адистерди үйрөтүү жана жайгаштыруу боюнча сунуш киргизүү, аларды тандоого катышуу, бөлүмдүн адистерин дайындоо же функционалдык милдеттерин тийиштүү эмес түрдө аткарган же эмгек тартибин бузган учурларда ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш киргизүү;

  • квалификациясына жараша адистердин арасында жумуш жүгүнүн (укук, чектөө, маалымат берүү арыздарынын; Бөлүмгө келип түшкөн даттануулар, сот актылары, укук коргоо жана тергөө органдарынын токтомдору ж.б. корреспонденциялардын) адилеттүү бөлүштүрүлүшүн камсыздоо;

  • укук жана чектөө каттоо, катталган укук жана чектөө жөнүндө маалымат даярдоо маселелеринде Бөлүмдүн кызматкерлерине консультативдик жана методологиялык жардам көрсөтүү;

  • Бөлүмдүн иш билгилик чектеринде жарандар менен юридикалык жактардын кат, арыз жана даттанууларына жооптордун өз убагында жана сапаттуу даярдалышын белгиленген тартипте камсыздоо;

  • кыймылсыз мүлк боюнча талаш чечүү комиссияларынын жумушуна белгиленген тартипте катышуу жана комиссиялар үчүн тиешелүү маалыматты даярдоо;

  • укук жана чектөө каттоо жана маалымат берүү маселелеринде талаштуу кырдаалдарды карап чыгуу, иш билгилик чектеринде талаш чечүү чараларын көрүү;

  • Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлк боюнча укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө ченемдик-укуктук актыларды дайыма изилдөө жана каттоочулардын эске алуусу үчүн мыйзам базасынын өзгөртүү/толуктоолору жөнүндө маалымат жеткирүү;

  • ченемдик-укуктук актыларды жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү же/жана тиешелүү жумушчу топтордун жана комиссиялардын ишине катышуу;

  • Бөлүм тарабынан аткарылган каттоо жана маалымат берүү иштеринин көлөмүн ай сайын эсепке алуу жана отчеттуулукту уюштуруу;

  • Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан кызматтык милдеттерди аткарууда коопсуздук техникасы жана эмгек коргоо эрежелеринин сакталышын камсыздоо;

  • Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан функционалдык милдеттеринин тийиштүү аткарылышына, ошондой эле эмгек жана өндүрүш тартибинин сакталышына көзөмөл жүргүзүү;

  • Бөлүмдүн кызматкерлери үчүн тиешелүү эмгек шарттарын камсыздоого катышуу;

  • Бөлүмдүн ишмердигин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү, кыймылсыз мүлккө укук каттоо процедураларын өркүндөтүү;

  • Филиалдын перспективдүү өнүгүү пландарын иштеп чыгууга өз ыйгарым укуктарынын чегинде катышуу;

  • Бөлүмдүн кызматкерлеринин чогулуштарын өткөрүү;

  • Бөлүмдүн кызматкерлеринин автоматташтырылган “Инфодокс” ЭИЖ системасы менен толук кандуу иштешин камсыздоо;

  • Бөлүмгө жүктөлгөн тапшырмаларга жана функцияларга жараша башка маселелерди чечүү;

  • Кыргыз Республикасынын “Кыймылсыз мүлккө укук жана түйшүктөрдү (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген эрежелерге ылайык Бөлүмдүн ишмердигин уюштуруу;

  • милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлккө тиешелүү келишимдер боюнча укуктарды мамлекеттик каттоону белгиленген тартипте камсыздоо;

  • Бөлүмдө кадрларды окутуу жана жайгаштыруу боюнча сунуштарды киргизүү жана аларды тандоого катышуу;

  • Бөлүмгө байланыштуу маселелер боюнча өкүлдүк кылуу;

  • келишим бланкалары сыяктуу катуу отчеттуулуктагы бланктардын эсепке алынышын, сакталышын жана кызматкерлерге берилүүсүн камсыздоо.

4. Укуктары
Төмөнкүлөргө укугу бар:
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон уюштуруу техникасын камсыз кылуу;
— белгиленген тартипте кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн менчик түрүнө карабастан ишкана, мекеме жана уюмдарга баруу;
— кызматтык милдеттерин аткаруу жана мамлекеттик органдын ишин жакшыртуу сунуштарын киргизүү үчүн зарыл болгон маалымат жана материалдарды белгиленген тартипте түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдөн жана башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алуу;
— өздүк ишиндеги бардык материалдар, өздүк ишине киргизилгенге чейин кесиптик иши жөнүндөгү ой-пикирлер жана башка документтер менен таанышуу, ошондой эле жазуу жүзүндөгү түшүнүк каттарын өздүк ишине киргизүү;
— жетекчи берген оозеки тескеменин мыйзамдуулугуна шектенүү пайда болгондо бул тескеменин жазуу жүзүндө тастыкталышын талап кылуу. Зарыл болсо, иштин өзгөчөлүгүнүн талаптарына ылайык укуктар жана ыйгарым укуктардын тизмесинин толукталышын сурануу;
— Бөлүмдүн кызматкерлерине кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун, кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн, анын ичинде маалымат берүүнүн айрым милдеттерин аткаруу же токтотуу боюнча көрсөтмө берүү;
— Бөлүмдүн кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун, кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн, анын ичинде маалымат берүүнүн чегинде кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону токтотуу, укук каттоодон баш тартуу жана каттоого алуу тууралуу чечим чыгаруу;
— Бөлүмгө тиешелүү маалымат жана материалдарды, ошондой эле көзөмөлдөнгөн ишмердик багыттары боюнча отчет түзүү;
— Берилген кызматтык милдеттерин аткаруу, семинар, конференция, көргөзмө ж.д.у.с.ларга катышуу үчүн кызматтык жана чет өлкөгө командировкаларга баруу;
— Кыргыз Республикасынын “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” мыйзамына ылайык административдик арыздарды кароо, анүчүн:
— тийиштүү филиалдын кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон тапшырмаларды берүү, филиалдын архивинен административдик арызга тиешелүү каттоо иштерин алдыруу жана административдик арыздын чегинде административдик акт (чечим) кабыл алуу;
— административдик арыздын чегинде текшерүү иштерин жүргүзүү;
— Филиалдын жетекчилиги менен жогору турган органдардын мыйзамдардын талаптарына шайкеш келбеген тапшырмаларын аткаруудан баш тартуу.

5. Жоопкерчилик
— Бөлүмдүн Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылары жана Филиалдын ишмердигин жөнгө салган ченемдик актылардын талаптарына жараша ишмердигин уюштурулушу үчүн;
— Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан өздөрүнө жүктөлгөн функционалдык милдеттердин тийиштүү деңгээлде аткарылышына көзөмөлдүн жүргүзүлүшү үчүн;
— Бөлүмдүн кызматкерлеринин жумуш жүгү жана тартип жоопкерлигинин даражасынын адилеттүү бөлүштүрүлүшүн камсыздалышы үчүн;
— өндүрүш-эмгек тартибинин сакталышы үчүн;
— кыймылсыз мүлккө укук жана чектөө каттоо маселелери боюнча ачыктама жана консультациялардын юридикалык жактан негизделиши үчүн;
— Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан кыймылсыз мүлккө катталган укук жана чектөөлөр жөнүндө маалыматтын белгиленген мөөнөттө даярдалышы үчүн;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жараша жарандар менен юридикалык жактардын кат, даттануу, арыздарынын каралып чыгуусу үчүн;
— Бөлүмдүн өндүрүш ишмердиги жөнүндө отчеттордун өз убагында жана сапаттуу даярдалышы үчүн;
— Филиалдын жетекчилигинин ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган буйрук, тескеме, көрсөтмөлөрүнүн аткарылышы үчүн;
— сот жана башка органдарда талаш жана башка укук маселелерин карап чыгууда Филиалдын таламдарына калыс өкүлдүк кылынышы жана укуктарынын тийиштүү деңгээлде корголушу үчүн.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

—  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен);  аскердик билет, справка МВД, мед. справка №086; 3×4 сүрөт — 3 даана;

— паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

—  кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, аскердик билет , илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 9-апрелинен баштап                            2026-жылдын 22-апрелин  күндөрү Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 307-иш бөлмөсүнө   саат 17: 00гө чейин, тапшырылышы керек.