Жаңылануудан башталган жаңы кадам! Тогуз-Торо филиалы жаңы имараттуу болду

Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Тогуз-Торо филиалынын  жаңы имараттуу болду.

Тогуз-Торо  филиалынын мурдагы имараты эскирип, авариялык абалда тургандыктан калкты тейлѳѳгѳ мүмкүнчүлүктѳр чектелип калгандыгына байланыштуу  жаңы  имарат куруу иштери   пландалган. Жер агенттиги тарабынан  проекттик сметалык документация иштери жүргүзүлүп, тендерге берилип, курулуш иштери 2024-жылдын ноябрь айында башталып, кышкы мезгилге туура келгендиктен жаз айларында  2025-жылдын  апрель айынан баштап  1-ноябрга чейин курулуш иштери жүргүзүлүп толук кандуу  бүтүрүлдү. Жалпы сметалык баасы 11 778 541 сом.

Жаңы имарат 1 кабаттуу болуп,  жарандарга  жана кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзѳт жана мекеменин иштѳѳ эффективдүүлүгүн жогорулатат. Анда заманбап кабыл алуу залы жана санариптик кызматтары каралып, күнүнѳ 50 дѳн 100 гѳ чейин жарандарды тейлѳѳгѳ ылайыкталган. Ошондой эле, имарат алдындагы жеринде унаа коючу жайлар жасалган.

Бул  жаңыланган имарат районубуздун инфраструктурасын ѳнүктүрүүгѳ жана жарандарга сапаттуу кызмат кѳрсѳтүүгѳ багытталган.