Жер агенттигинин Бишкек шаары боюнча филиалы жаңы даректе

2025-жылдын 1-февралынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаары боюнча филиалы жаңы даректе иштей баштайт. Жаңы дарек Бишкек шаары, Биринчи май району, Эркиндик бульвары, 57 (КР Тышкы иштер министрлигинин мурдагы имараты). Көчүү иштери дем алыш күндөрү жүргүзүлөт. Бирок, борбор калаабыздын кыймылсыз мүлкүнүн көптүгүнө байланыштуу, архив материалдарын ирээти менен жайгаштыруу, компьютерлерди жаңыдан тутумдарга байланыштыруу, керектүү программаларды ырастоо иштерин жүргүзүү керектелет. Бул иштер январь айынын аягы жана февраль айынын биринчи жумаларынын ичинде жана ошондой эле иш күндөрүнө да туура келип калышы ыктымал. Жогоруда аталган себептерге байланыштуу, кызмат көрсөтүүбүздөгү кемчиликтерге сабырдуулук жана түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз.

***

С 1 февраля 2025 года Бишкекский филиал Государственного агентства по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики начнет вести работу по новому адресу. Новый адрес г. Бишкек, Первомайский район, Бульвар Эркиндик, 57 (Бывшее здание Министерства иностранных дел КР). Переезд осуществляется по выходным. Однако, в связи с обилием столичной недвижимости, необходимо упорядочить архивные материалы, подключить компьютеры к новым системам, провести проверку необходимых программ. Работы по возможности будут проводиться по выходным дням, но и не исключено что будут проводиться и в будние дни до конца января и первых недель февраля. В связи с вышеуказанными причинами просим вас относиться к пробелам в наших услугах с терпимостью и пониманием.