Жерлерди которуу (трансформациялоо)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен жыл башынан тартып республика боюнча бардыгы – 3231,95 га жер которулган, анын ичинен “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына – 855,16 га, “калктуу конуштардын жерлери” категориясына – 523,13 га, “токой фондусунун жерлери” категориясынан “өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына – 1680,83 га, “запастагы жерлер” категориясынан “өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына – 147,7 га, “өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына – 5,13 га которулган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 17 токтому кабыл алынган, аларга:

— жеке турак жай курууга — 520,13 га;

— соц. объектилердин курулушу, көп кабаттуу турак жайларга — 8,13 га;

— эл аралык аэропорт курууга — 294,65 га;

— күн электр станциясын курууга — 147,7 га;

— логистикалык борбор курууга – 456,57 га;

— өнөр жай объектилерине — 55,74 га;

— тоо-лыжа комплексин курууга – 1624,26 га;

— айланма автомобиль жолун курууга – 91,7 га;

— этношаарча долбоорлоо жана маданий-тарыхый объекттерди курууга – 33,07 га  жер кирет.