2025-жылдын 7-октябрында КР Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү менен мейкиндиктик маалыматтарды түзүү, колдонуу жана алмашуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө улуттук мейкиндик маалыматтар инфраструктурасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, министрликтердин жана ведомстволордун бул багыттагы учурдагы жана келечектеги муктаждыктары боюнча сурамжылоо жүргүзүлдү. Катышуучулар мамлекеттик башкаруунун, аймактарды өнүктүрүүнү пландаштыруунун, айлана-чөйрөнү коргоонун, айыл чарбанын, транспорттун жана инженердик инфраструктуранын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мейкиндик маалыматтарынын маанилүүлүгүн белгилешти.
Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жана координациясын өркүндөтүү боюнча андан аркы багыттар, ошондой эле КР Санариптик концепциясын ишке ашыруу алкагында улуттук мейкиндиктик маалымат инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар аныкталды.
___________________________________________________________________________
Обсуждены вопросы развития национальной инфраструктуры пространственных данных
7 октября 2025 года Государственным агентством по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики проведено совещание с представителями министерств и ведомств по вопросам создания, использования и обмена пространственными данными.
В ходе совещания обсуждены актуальные вопросы, связанные с развитием национальной инфраструктуры пространственных данных, а также проведён опрос о текущих и перспективных потребностях министерств и ведомств в указанной области. Участники отметили важность пространственных данных для повышения эффективности государственного управления, планирования территориального развития, охраны окружающей среды, сельского хозяйства, транспортной и инженерной инфраструктуры.
По итогам совещания определены дальнейшие направления взаимодействия и координации действий государственных органов, а также мероприятия, направленные на развитие национальной инфраструктуры пространственных данных в рамках реализации Цифровой концепции Кыргызской Республики.