Жер агенттигинин коллегиясы

  • Рубрика записи:Новости

2025-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин кеңейтилген коллегиясы өтүп, күн тартибинде 2024-жылдын жыйынтыктары жана 2025-жылга карата милдеттер каралды.
Коллегиянын күн тартибинде бүгүнкү күндөгү орчундуу маселенин бири болгон коррупцияга каршы күрөштүн күчөтүлө тургандыгы белгиленди. Жер агенттиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы ПЖ №137 Жарлыгына ылайык, 2025-2030-жылдарга каралган коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашырууну улантат. Коллегиянын жүрүшүндө Жер агенттигинин бардык түзүмдөрүнө коррупцияга каршы ведомстволук иш-чаралар планын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу тапшырмасы берилди. Ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдөгү ачык-айкындуулукту жогорулатуу, санариптик көзөмөл механизмдерин киргизүү жана мыйзам бузууларга жол берген кызматкерлерге катуу чара көрүү маселелери талкууланды.
2024-жылы жалпы 5856,89 га жер трансформацияланып, анын ичинде турак жай куруу, тоо-лыжа комплекстерин жана эл аралык аэропорт куруу үчүн берилген. Коллегиянын жыйынтыгында филиалдарга трансформация боюнча документтерди сапаттуу жана толук даярдоо, ошондой эле алардын кароо процессин жакшыртуу тапшырмасы берилди. Бул иш-аракеттер жерлердин мыйзамдуу жана так катталуусун камсыздап, жараянды тездетүүгө өбөлгө түзөт.
Жер агенттиги санариптик технологияларды өнүктүрүү багытында активдүү иш алып барууда. Кыймылсыз мүлктү кадастрдык баалоо, маалымат базасын жаңылоо жана геомейкиндиктик технологияларды өркүндөтүү боюнча олуттуу иштер жүрүп жатат. Жыл аягында бул тармакта мыкты көрсөткүчтөргө жетүү күтүлүүдө, натыйжада жерлердин так эсеби жүргүзүлүп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана жеткиликтүүлүгү кыйла жогорулайт.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин так аныктоо, бюджеттик чыгымдарды ачык-айкын жүргүзүү жана мамлекеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча көзөмөл катуу жүргүзүлөт.
Жер агенттиги 2025-жылы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүп, жер ресурстарын башкарууну ачык-айкын жүргүзүүнү камсыздоого аракеттенет.

***

7 февраля 2025 года состоялось расширенное заседание Государственного агентства по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики, на котором были подведены итоги 2024 года и определены приоритетные задачи на 2025 год.
Одним из ключевых вопросов повестки дня стало усиление борьбы с коррупцией. Земагентство продолжит реализацию Государственной стратегии противодействия коррупции на 2025–2030 годы, утвержденной Указом Президента Кыргызской Республики от 5 июня 2024 года №137. Всем структурным подразделениям поручено своевременно и качественно выполнять антикоррупционные мероприятия. В ходе коллегии были обсуждены вопросы повышения прозрачности предоставления услуг, внедрения цифровых механизмов контроля и усиления ответственности сотрудников за нарушения законодательства.
В 2024 году было трансформировано 5856,89 га земель, в том числе под жилищное строительство, горнолыжные комплексы и международный аэропорт. По итогам коллегии филиалам поручено обеспечить высокое качество подготовки и рассмотрения документов по трансформации земель, что позволит ускорить процесс и обеспечить его законность и точность.
Земагентство активно развивает цифровые технологии. Ведутся масштабные работы по кадастровой оценке недвижимости, обновлению базы данных и совершенствованию геопространственных технологий. К концу года ожидаются значительные результаты, которые позволят повысить точность учета земель и улучшить качество государственных услуг.
Будет усилен контроль за обоснованностью тарифов на государственные услуги, прозрачностью бюджетных расходов и целевым использованием государственных средств.
Земагентство продолжит в 2025 году активную борьбу с коррупцией и обеспечит открытое и эффективное управление земельными ресурсами.