В связи с участившимися случаями публикаций в средствах массовой информации и интернет-пространстве видеороликов по поводу недовольства граждан на чрезмерные очереди и большое скопление людей в Бишкекском филиале Земагентства (далее — Филиал) сообщается следующее.
В настоящее время государственные услуги Филиалом временно предоставляются в бывшем здании Министерства иностранных дел Кыргызской Республики, которое использовалось для административных и служебных целей. В связи с чем, в данном здании не были предусмотрены необходимые условия для оказания государственных услуг населению. Эти обстоятельства особенно негативно отражаются в период наибольшего скопления людей, обратившихся за услугами Филиала, и порождают определенные неудобства.
Для решения сложившейся проблемной ситуации и повышения оперативности предоставления государственных услуг по оформлению сделок с объектами недвижимости увеличены рабочие часы Филиала, в частности двери Филиала будут открыты для граждан ежедневно с 8:00 часов до 18:00 часов, а также по субботам с 10:00 часов до 16:00 часов.
Вместе с этим, в рамках цифровизации государственных услуг в приложении «Тундук» для граждан предусмотрена возможность получения ряда государственных услуг в режиме онлайн. В связи с чем, призываем граждан активно пользоваться приложением «Тундук».
Необходимо отметить, что в настоящее время для Филиала строится новое современное здание, отвечающее всем необходимым требованиям для предоставления государственных услуг населению. Новое здание будет ориентировано на обеспечение качественного и открытого обслуживания граждан.
Земагентсво в дальнейшем также продолжит принимать исчерпывающие меры по обеспечению надлежащих условий и оперативному обслуживанию граждан при предоставлении государственных услуг. Учитывая временный характер неудобств с очередями в Филиале, просим граждан отнестись с пониманием к сложившейся ситуации.
Соңку учурларда жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет айдыңында Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек филиалында кезектин көптүгүнөн жана күтүү убактысынын узактыгына байланыштуу нааразычылыктар жарыяланууда. Жарандарды тынчсыздандырган бул жагдайга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдиребиз.
Бишкек филиалы бүгүнкү күндө жарандарды тейлөө үчүн ылайыкташтырылбаган имаратта убактылуу жайгашып келет. Аталган имарат мурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин административдик кеңсеси катары пайдаланылып, дипломатиялык жана кызматтык ишмердүүлүккө ылайыкталган. Ошондуктан анда мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү, жарандарды тейлөө үчүн зарыл болгон шарттар толук кандуу каралган эмес. Бул жагдай жарандардын агымы көбөйгөн учурда ыңгайсыздык жаратып, узак кезектердин жаралышына алып келүүдө.
Учурда түзүлгөн кырдаалды жеңилдетүү жана кыймылсыз мүлккө байланышкан бүтүмдөрдү каттоо боюнча мамлекеттик кызматтарды ыкчам көрсөтүү максатында Филиалдын иш графиги кеңейтилди. Тактап айтканда, ар күнү саат 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми ишемби күнү саат 10:00дөн 16:00гө чейин жарандарды тейлөө жүргүзүлөт.
Ошондой эле, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү алкагында жарандарга «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн түрдө бир катар мамлекеттик кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Андыктан, жарандарды кызматтарды ыкчам, ыңгайлуу жана кезексиз алуу үчүн «Түндүк» мобилдик тиркемесин активдүү пайдаланууга чакырабыз.
Белгилей кетүүчү жагдай, учурда Бишкек филиалы үчүн заманбап стандарттарга жооп берген жаңы имараттын курулушу жүрүп жатат. Аталган имарат жарандарды тейлөө процессин ачык-айкын уюштурууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга ылайыкташтырылат.
Мамлекеттик агенттик ыңгайлуу шартты камсыз кылуу жана кызматтарды ыкчам көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүнү улантат. Учурдагы ыңгайсыздыктар убактылуу мүнөзгө ээ экенин белгилеп, жарандардан түшүнүү менен мамиле кабыл алууну өтүнөбүз.