Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин санариптик трансформация башкармалыгынын санариптик картография секторунун жетектөөчү адисинин (Картография жана санариптик трансформация боюнча) жетектөөчү адисинин бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

  • Рубрика записи:Вакансии

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин санариптик трансформация башкармалыгынын санариптик картография секторунун жетектөөчү адисинин (Картография жана санариптик трансформация боюнча) жетектөөчү адисинин бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

1. Квалификациялык талаптар жана жеке сапаттары
Башкармалыктын жетектөөчү адисинин (Картография жана санариптик трансформация боюнча) кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар берилет:
Кесиптик билим деңгээли:
         – эсептөө техникалары жана маалыматтык технологиялар, жерге жайгаштыруу жана кадастрлар, геодезия жана картография багыттары боюнча жогорку билими.
Иш тажрыйбасы жана стажы:
– кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, кадастр, геодезия жана картография тутумунда 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же 3 жылдан кем эмес тиешелүү кесиптик чөйрөдө иш тажрыйбасы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:

– ГИС тиркемелери менен иштөө тажрыйбасы (QGIS, ArcGIS, Geoserver ж.б.)

–  геомаалымааттык системаларды түзүү жана долбоорлоо тажрыйбасы;

– GPS, GNSS кабылдагычтары менен иштөө тажрыйбасы;

– геодезиялык координаттар системасын билүүсү;

– учкучсуз учуучу апараттар менен иштөө тажрыйбасы;

– ортофотопландарды иштеп чыгуу жана түзүү тажрыйбасы;

картографиялык материалдарды географиялык координаттарга байлоо жана  санариптештирүү иштерин жүргүзүү тажрыйбасы.

      Билүүсү зарыл:

– Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

–  “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Электрондук кол тамга жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;

–  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы  № 49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-октябрындагы
№ 709 токтому менен бекитилген Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы жөнүндө жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-декабрындагы № 661 токтому менен бекитилген Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестрин жүргүзүү эрежелери, анын ичинде инфратүзүмдүн элементтерин реестрге киргизүү жана аларды реестрден чыгаруу эрежелерин;

– КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 744 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маалыматтык системаларды түзүү, өнүктүрүү, эксплуатацияга киргизүү, эксплуатациялоо жана эксплуатациядан чыгаруу тартибине коюлуучу талаптарды;

– КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 745 токтому менен бекитилген “Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнүндө жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы
№ 747  токтому менен бекитилген Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптарды;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 748 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө жобону;

– КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралындагы № 66 “Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарга байланышкан айрым маселелер жөнүндө” токтомун;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобону.

Жөндөмдөрү жана көндүмдөрү:

– иштин алдыңкы багыттарын аныктоо;

– ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;

– маалыматтык базаларды жана сервистик, программалык кызматтарды колдоно билүү;

– санариптик технологиялар боюнча мыйзамдардын негиздерин билүү, укуктук, методикалык документтер менен иштөө, аларды практикада колдонуу жана санариптик чөйрөдөгү укуктук тобокелдиктерди адекваттуу баалай билүү;

ГИС продуктуларынын өзгөчөлүктөрүн жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү;

– кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

– талаштарды компетенттүү чече билүү, кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;

– өз ишин натыйжалуу пландаштыруу, кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу;

– техникалык, методикалык документтерди иштеп чыгуу;

– маалыматты анализдөө, системалаштыруу жана жалпылоо, жалпылоо, мониторинг жургүзүү, презентацияларды даярдоо;

– натыйжалуу мамилелерди түзүү, ишкердик этиканын ыкмаларын өздөштүрүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат жазуу ыкмаларын билүү, жолугушууларды өткөрүү;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактоо;

– тренингдерди жана билим берүү курстарын өткөрүү боюнча көндүмдөрү;

– чыгармачыл жана стратегиялык ой жүгүртүүгө ээ болуу.

Жеке сапаттары

– чынчылдык;

– калыстык;

– жоопкерчилик;

– тартип;

– пунктуалдуулук;

– демилгелүүлүк;

– натыйжалуулук;

– коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык мамиле кылуусу;

– кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуусу.

2. Кызматтык милдеттери
–  GPS, GNSS жабдууларын жана учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен аэрофотосүрөткө тартуу иштерин жүргүзүү;

– картографиялык материалдарды географиялык координаттарга байлоо жана  санариптик форматка которуу, жаңыртуу боюнча иштерди алып баруу;

–  геомалыматтык системаларды, программалык тиркемелерди, түзүү, ишке киргизүү жүргүзүү, башкаруу, тейлөө;

– спутникалык, аэрофото сүрөттөрдөн, топографиялык карта жана башка булактардан            алынган маалыматтар менен иштөө;

– мейкиндик маалыматтарын башкаруу, геомаалыматтык базасын түзүү жана камсыздоо иштерин аткаруу;

– геомаалыматтык системаларды түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн методологиялык базасын иштеп чыгууга катышуу;

– геомаалыматтык системаларды түзүү үчүн Техникалык шарттарды иштеп чыгат;

– тышкы жана ички колдонуучуларды тейлөөнүн сапатын, алардын маалыматтык кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн талдайт жана камсыздайт;

– эл аралык жана улуттук долбоорлорду ишке ашырууга катышат;

– Агенттиктин ведомстволук бөлүмдөрүнүн, филалдарынын кызматкерлерин окутууга жана квалификациясын жогорулатууга катышуу;

– Сектордун компетенциясына кирген башка функцияларды аткарат.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

 

–  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); мед. справка №086; 3×4 сүрөт – 3 даана;

– паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

– кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, аскердик күбөлүгүнүн көчүрмөсү, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 20-ноябрынан  баштап                           3-декабрын  кошо алуу менен Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 307-иш бөлмөсүнө саат 18: 00ге чейин, тапшырылышы керек.