Квалификациялык талаптар:
- Билими жогорку: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция, агроном, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.
- Жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же мамлекеттик/муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
- Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
- Компьютерди жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды (КЖБ, КЖБ ж.б.) билүү.
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын жер, жарандык ж.б. мыйзамдарын билүүсү.
Кызматтык милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
- Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылары менен жергиликтүү каттоо органынын ишмердигин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарына жараша ишмердигин уюштуруу;
- жер кадастры, жерге жайгаштыруу маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бирдей аткарылышын жана жүктөлгөн функциялык милдеттерин тийиштүү түрдө аткарылышы;
- жарандар менен юридикалык жактардын жерге жайгаштыруу, жер мамилелери боюнча даттануу жана арыздарынын каралып чыгуусун камсыздоо;
- жерге жайгаштыруу иштерин жүргүзүү менен укук күбөлөндүрүүчү документтерин даярдоо;
- жерлерди трансформациялоо боюнча жерге жайгаштыруу көктөмөлөрүн даярдоо;
- айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын компенсацияларын эсептөө;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;
- кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо;
- Башкармалыктын белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, расмий маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо;
- кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;
- кыймылсыз мүлктүн бирдигинин маалымат базасына техникалык параметрлердин толук жана туура киргизилишин камсыздоо;
- жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогорку кызмат өкүлдөрдүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз учурунда жана сапаттуу аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген Агенттикке тиешелүү чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо;
- зарыл болгон учурда комиссияларга катышуу;
- ар айлык эсепке алуу жана аткарылган жумуштардын көлөмү тууралуу ар айлык отчеттуулуктун өз убагында, туура жана сапаттуу түзүлүшүн уюштуруу жана көзөмөлдөө;
- ар айлык отчет түзүү менен так отчеттуулук бланкаларын (мамлекеттик акт, күбөлүктөр) эсепке алуу жана колдонулушуна көзөмөлдү камсыздоо;
- «Инфодокс» ЭДЖ системасы менен толук кандуу иштешин камсыздоо;
- кыймылсыз мүлккө менчик укугун алгачкы каттоону жүргүзүү.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
- өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3×4 см сүрөт;
- жыйынтык (резюме);
- билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;
- өмүр баян (кол менен);
- паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
- аскердик билеттин көчүрмөсү;
- окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү.
Скоросшивателге көктөлгөн документтер 2026-жылдын 20-июлу, саат 17:30га чейин, Сузак району, Аттокуров Бегалы көчөсү, 62, Сузак филиалынын кадрлар бөлүмүнө берилиши керек.
Тел.: 03722-76-236.
Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Тесттин датасы, убактысы жана орду жөнүндө кошумча маалымат берилет.