Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Таш-Көмүр филиалы кадастрдык картография боюнча жетектөөчу адистин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик.

  • Рубрика записи:Вакансии

Квалификациялык талаптар:

  1. Билими жогорку жана атайын орто: жерге жайгаштыруу жана кадастрлар, архитектура жана шаар куруу, геодезия жана картография, агроном, гидромелиорация.
  2. Иш тажрыйбасы: талап кылынбайт.
  3. Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
  4. Компьютерди жана оргтехниканы, керектүү программалык продукталарды билүү.
  5. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын жер, жарандык ж.б. мыйзамдарын билүүсү.

Кызматтык милдеттери:

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

— филиалдын картографиялык ишмердүүлүгүн камсыз кылуу;

— индекстелген каттоо карталарынын белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлүшүн, сакталышын жана аларга кыймылсыз мүлк бирдиктеринин чек араларынын так киргизилишин камсыздоо;

— кыймылсыз мүлк бирдиктерине идентификациялык код ыйгаруу;

— кыймылсыз мүлк бирдиктерине дарек ыйгаруу;

— кыймылсыз мүлк бирдиктерин кадастрдык сүрөткө тартуу, ченөө иштерин жүргүзүү;

— кыймылсыз мүлктүн идентификациялык, даректик жана картографиялык маалыматтарынын тиешелүү маалыматтык системаларга толук жана так киргизилишин камсыздоо;

— спутниктик, аэрофото сүрөттөрдөн, топографиялык карталардан жана башка булактардан алынган маалыматтар менен иш алып баруу;

— картография жана топография жаатында филиалдын компетенциясына кирген башка функцияларды аткаруу;

— өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;

— кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо;

— жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогорку кызмат өкүлдөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз учурунда жана сапаттуу аткаруу;

— картографиялык жана башка архивдик материалдардын негизинде жердин категориясын аныктоо.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

• өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3 х 4 см сүрөт;

• жыйынтык (резюме);

• билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

• эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

• КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалымкат;

• өмүр баян (кол менен);

• паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

• аскердик билеттин көчүрмөсү;

• окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү.

Скоросшивателге көктөлгөн документтер 2026-жылдын 6-июлу саат 17:30га чейин Ленин көчөсү, 25 дарегиндеги Таш-Көмүр филиалынын кадрлар бөлүмүнө берилиши керек.

Тел.: 03745 5-03-38; +996 770 352 177

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Тесттин датасы, убактысы жана орду жөнүндө кошумча маалымат берилет.