• Жазуу жарыяланды: 18.06.2026
• Жазуу бөлүмү: Бош орундар
Жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн, жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адиси, 1 штаттык бирдик
Квалификациялык талаптар:
- Багыттары боюнча жогорку же кесиптик орто билими болууга тийиш: жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, геодезия жана картография, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция, агроном, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.
- Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл.
- Компьютерде MS Office, электрондук почтаны колдонуу, ГИС тиркемелери менен иштөө тажрыйбасы (QGIS, ArcGIS, GeoServer ж.б.).
- GPS, GNSS кабылдагычтары менен иштөө тажрыйбасы.
- Геодезиялык координаттар системасын билүүсү.
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Жарандык кодексин, Кыргыз Республикасынын Этика кодексин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамды билүүсү зарыл.
Кызматтык милдеттери:
— жер фондунун болушу жана бөлүштүрүлүшү жөнүндө жылдык отчетторду түзүү;
— кадастрдык жер маалыматтарынын алгачкы маалыматтарын чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана берүү;
— Бишкек шаарынын чек араларын аныктоо, административдик-аймактык бөлүштүрүү боюнча иштерге катышуу;
— жер ээлеринин кадастрдык жана башка маалыматтарга жетүүсүн камсыз кылуу;
— жер мамилелери маселелери боюнча жарандардын көрсөтмөлөрүн жана даттанууларын кароо жана алар боюнча тиешелүү чараларды көрүү;
— пландаштырылган иштерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
— иш жүргүзүү мезгилинде архивдик документтердин сакталышын контролдоо;
— чек аралар жөнүндө керектүү маалыматтарды тандоо.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
— жеке арыз;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
— 3 х 4 см сүрөт;
— жыйынтык (резюме);
— билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
— автобиография (кол менен);
— паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
— аскердик даража жана аскердик наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү;
— медициналык справка — форма 086-у.
Сынакка катышуу үчүн документтерди 2026-жылдын 18-июнунан баштап 2026-жылдын 23-июнь күнүн кошо алганда кабыл алынат.
Дарек: Панфилов району, Кайыңды шаары, Юбилейная көчөсү, 2А дареги боюнча тапшыруу керек.