Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бакай-Ата филиалынын Жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт -1 бирдик

  • Рубрика записи:Вакансии

Квалификациялык талаптар:

— багыттары боюнча жогорку билими: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция, агрономия, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу;

— жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, же мамлекеттик/муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

• мамлекеттик жана расмий тилди билүү;

• компьютердик иш ишмердүүлүгүнө ээ болуу (Word, Excel, СЭД ж.б.);

• Кыргыз Республикасынын Конституциясын билүү;

• “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын билүү;

• “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамын билүү;

• “Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө”, “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү, укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү;

• Кыргыз Республикасынын Жарандык жана Турак жай кодекстерин билүү;

• Кыргыз Республикасынын Жер кодексин билүү;

• Кыргыз Республикасынын Этика кодексин билүү;

• “Айыл чарба жерлерин башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын билүү;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №49 токтому менен бекитилген укуктарды жана оорчулуктарды (чектөөлөрдү), кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин билүү;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамаларды билүү;

— Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин билүү;

— мамлекеттик кызматчы кызматтык милдеттерин аткарууда аткарууга милдеттүү болгон ченемдик-укуктук актыларды билүү.

Кызматтык милдеттери:

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

— агенттиктин жана филиалдын ишине байланышкан талаш-тартыштарды кароодо белгиленген тартипте соттордо жана башка инстанцияларда филиалдын, агенттиктин кызыкчылыктарын көрсөтүү жана коргоо;

— филиалдын директоруна кол коюуга сунушталган мыйзамдардын, буйруктардын, тескемелердин, жоболордун долбоорлорунун жана юридикалык мүнөздөгү башка документтердин мыйзамдарга шайкештигин текшерүү. Эгерде келишпестиктер аныкталса, тиешелүү маселени мыйзамдуу түрдө чечүү боюнча сунуштарды киргизүү;

— кесиптик этиканын нормаларын сактоо;

— жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикте жана филиалда белгиленген ички эмгек тартибин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактоо;

— жетекчиге баш ийүү тартибинде жогору тургандардын буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

— мамлекеттик каттоо маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын, суроо-талаптарын жана сунуштарын кароо;

— филиалдын жетекчилигинин башка кызматтык милдеттерин жана көрсөтмөлөрүн аткаруу.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

— өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3 х 4 см фотосүрөт;

— билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);

— соттуулугу жоктугу тууралуу КР ИИМинен маалым кат;

— медициналык справка — форма 086-у;

— автобиография (өз колу менен жазылган);

— аскердик билеттин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу, квалификациясын жогорулатууну ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— паспорттун же өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска келгенде паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы көрсөтүлөт).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 12-май айынан баштап 25-май айы саат 17:30га чейин кабыл алынат.

Документтерди төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:
Бакай-Ата району, Бакай-Ата айылы, Манас көчөсү №103.

Байланыш номерлери: 3-21-96, +996 706 251 588.