Квалификациялыкталаптар:
1.Билими жогорку: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция, агроном, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.
- Жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же мамлекеттик/муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
3.Мамлекеттикжана расмийтилдердибилүү.
4.Компьютерди жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды (КЖБ, КЖБ ж.б.) билүү.
5.Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын жер, жарандык ж.б. мыйзамдарын билүүсү.
Кызматтыкмилдеттери:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
— Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылары менен жергиликтүү каттоо органынын ишмердигин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарына жараша ишмердигин уюштуруу;
— жер кадастры, жерге жайгаштыруу маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бирдей аткарылышын жана жүктөлгөн функциялык милдеттерин тийиштүү түрдө аткарылышы;
— жарандар менен юридикалык жактардын жерге жайгаштыруу, жер мамилелери боюнча даттануу жана арыздарынын каралып чыгуусун камсыздоо;
-жерге жайгаштыруу иштерин жүргүзүү менен укук күбөлөндүрүүчү документтерин даярдоо;
— жерлерди трансформациялоо боюнча жерге жайгаштыруу көктөмөлөрүн даярдоо;
— айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын компенсацияларын эсептөө;
— өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;
— кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо;
-Башкармалыктын белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, райсмий маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо,
— кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;
— кыймылсыз мүлктүн бирдигинин маалымат базасына техникалык параметрлердин толук жана туура киргизилишин камсыздоо;
— жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогорку кызмат өкүлдөрдүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз учурунда жана сапаттуу аткаруу;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген Агенттикке тиешелүү чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо;
— зарыл болгон учурда комиссияларга катышуу;
— ар айлык эсепке алуу жана аткарылган жумуштардын көлөмү тууралуу ар айлык отчеттуулуктун өз убагында, туура жана сапаттуу түзүлүшүн уюштуруу жана көзөмөлдөө;
— ар айлык отчет түзүү менен так отчеттуулук бланкаларын (мамлекеттик акт, күбөлүктөр) эсепке алуу жана колдонулуша көзөмөлдү камсыздоо;
— “Инфодокс” ЭДЖ системасы менен толук кандуу иштешин камсыздоо;
— кыймылсыз мүлккө менчик укугун алгачкы каттоону жүргүзүү.
Конкурскакатышууүчүн керектүү документтер:
* өздүк арыз, кадрлардыэсепкеалуубоюнча өздүк баракча, 3 х4 см сүрөт;
* жыйынтык (резюме);
* билимитууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдыкжактан күбөлөндүрүлгөн);
* эмгеккитепчесининкөчүрмөсү (нотариалдыкжактан күбөлөндүрүлгөн);
* КРнын ИИМинен соттолбогондугутууралуу маалым кат;
* өмүр баян (колменен);
* паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү(паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); аскердик билеттин көчүрмөсү.
* окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердинкөчүрмөлөрү.
Скоросшивателгекөктөлгөндокументтер29-май 2026-ж. саат 17:30 чейин Сузак районуАттокуров Бегалы 62 Сузак филиалына, кадрлар бөлүмүнөберилишикерек.
Тел. 03722-76-236
Квалификациялыкталаптаргажоопберген талапкерлертестирлөөгөчакырылат. Тесттин датасы, убактысы жана орду жөнүндө кошумча маалымат берилет.