Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине карштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек филиалыбош кызмат ордун ээлөө конкурсун жарыялайт

  • Рубрика записи:Вакансии
  • каттоо жана маалымат берүү бөлүмүнүн кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча адиси – 6 штаттык бирдик

Квалификациялык талаптар:

  1. Багыттары боюнча жогорку билими болууга тийиш: жерге жайгаштыруу жана кадастр, юриспруденция, мүлктү баалоо жана башкаруу. Жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес.
  2. Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;
  3. Компьютерде MS Office, электрондук почтаны колдонуу, маалымат базасы менен иштөө көндүмдөрү; АМТ «Infodocs», ArcGIS, AutoCAD программаларында иштей билүүсү керек;
  4. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жарандык жана Турак жай кодекстерин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын Этика кодексин билүүсү зарыл.

Кызматтык милдеттери:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
  • Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик-укуктук актылары жана жергиликтүү каттоо органынын ишмердигин жөнгө салган ченемдик-укуктук актылардын талаптарына ылайык ишмердигин уюштуруу;
  • жер кадастры, жерге жайгаштыруу маселелерин жөнгө салган ченемдик-укуктук актылардын талаптарынын бирдей аткарылышын жана жүктөлгөн функционалдык милдеттердин тийиштүү аткарылышын камсыз кылуу;
  • жарандар менен юридикалык жактардын жерге жайгаштыруу, жер мамилелери боюнча даттанууларын жана арыздарын кароо;
  • өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;
  • кыймылсыз мүлктүн бирдигинин маалымат базасына техникалык параметрлердин толук жана туура киргизилишин камсыз кылуу;
  • кыймылсыз мүлккө катталган укуктар жана чектөөлөр жөнүндө маалыматтын белгиленген мөөнөттө даярдалышын жана берилишин камсыз кылуу;
  • укуктарды жана чектөөлөрдү каттоо, катталган укуктар жана чектөөлөр жөнүндө маалымат даярдоо маселелеринде консультативдик жана методологиялык жардам көрсөтүү;
  • укук, чектөө, маалымат берүү боюнча арыздардын, бөлүмгө келип түшкөн даттануулардын, сот актыларынын, укук коргоо жана тергөө органдарынын токтомдорунун, корреспонденциянын адилеттүү каралышын камсыз кылуу;
  • жарандар менен юридикалык жактардын каттарына, арыздарына жана даттанууларына жооптордун өз убагында жана сапаттуу даярдалышын белгиленген тартипте камсыз кылуу;
  • кыймылсыз мүлк боюнча талаштарды чечүү комиссияларынын иштерине белгиленген тартипте катышуу, комиссиялар үчүн тиешелүү маалыматтарды даярдоо;
  • Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлк боюнча укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актыларды дайыма изилдеп туруу жана мыйзам базасындагы өзгөртүүлөр/толуктоолор жөнүндө маалыматтарды каттоочуларга жеткирүү;
  • аткарылган каттоо жана маалымат берүү иштеринин көлөмүн ай сайын эсепке алуу жана отчеттуулукту уюштуруу;
  • функционалдык милдеттердин тийиштүү аткарылышын, ошондой эле эмгек жана өндүрүш тартибинин сакталышын камсыз кылуу;
  • “Инфодокс” ЭДЖ системасы менен толук кандуу иштөөнү камсыз кылуу.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

  • жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
  • 3 х 4 см сүрөт;
  • жыйынтык (резюме);
  • билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;
  • автобиография (кол менен жазылган);
  • паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
  • аскердик даража жана аскердик наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү;
  • медициналык справка — форма 086-у.

Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 11-майынан баштап 22-майына чейин (кошо алганда) кабыл алынат.

Документтерди төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:
Бишкек ш., Эркиндик пр. 57, кабинет 314.
Тел.: 62-03-46, 0 554 22 35 35.