Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ысык-Ата филиалы бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт.

  • Рубрика записи:Вакансии

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ысык-Ата филиалы төмөнкү бош кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт:

• Жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адис – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ысык-Ата филиалы – 3 штаттык бирдик.

Кесиптик билим деңгээли:
• толук эмес жогорку билим же орто техникалык билим (жерге жайгаштыруу багыты боюнча).

Иш стажы жана тажрыйбасы:
• адистик боюнча иш стажы кеминде 1 (бир) жыл.

Билими (билүүсү):
• кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана укуктардын оорчулуктарын (чектөөлөрүн), ошондой эле алар менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ишмердүүлүктү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары;
• «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө» Жобо;
• Кыргыз Республикасынын «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Мыйзамы;
• «Жайыттар жөнүндө», «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамдары;
• эмгекти коргоо боюнча эрежелер жана нормалар.

Ээ болуусу:
• кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктыларды колдонуу;

• маалымат базалары, электрондук документ жүгүртүү системалары (СЭД), пландоо-картографиялык материалдар менен иштөө.

Көндүмдөрү:
• жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
• документтерди жана маалыматтарды сапаттуу даярдоо;
• кызматтык милдеттерине ылайык өз ишмердүүлүгүн натыйжалуу пландаштыруу;
• мамлекеттик жана/же расмий тилде иш кагаздарын жүргүзүү;
• команда менен иштөө.

Ыкмалары (навыктары):
• аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
• ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
• ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
• жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча, резюме, автобиография;
• 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт – 3 даана;
• соттолбогондугу же соттолгондугу тууралуу маалымат кат;
• паспорттун же өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү (конкурска келгенде түп нускасы көрсөтүлөт);
• талап кылынган кесиптик билимди, иш стажын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билим жөнүндө, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам ыйгарылганы тууралуу документтердин нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

Конкурска катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 11-майынан баштап 22-майына чейин (10 календардык күндүн ичинде) төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Чүй облусу, Кант шаары, Москва көчөсү №8.
Телефон: (03132) 5-59-37, (03132) 5-48-71, 0990 95-99-95.