Квалификациялык талаптар:
Билими – жогорку: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция, агроном, мүлктү баалоо жана башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу.
Иш тажрыйбасы — жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, же мамлекеттик/муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Компьютерди жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды (КЖБ, КЖБ ж.б.) билүү.
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын жер, жарандык ж.б. мыйзамдарын билүүсү.
Кызматтык милдеттери:
— кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону ишке ашыруу үчүн берилген документтерди белгиленген тартипте кабыл алат;
— каттоо иш-аракеттерин каттоо, токтото туруу же аткаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат;
— кыймылсыз мүлккө укуктардын келип чыгышын, өтүшүн, токтотулушун, чектөөлөрдүн (оорчулуктардын) мамлекеттик каттоосун жүргүзөт;
— кыймылсыз мүлк бирдигине чектөөлөрдүн болушун, жоктугун текшерет;
— ыйгарым укуктуу органдар тарабынан коюлган чектөөлөрдүн (санкциялык тизмелер, алдын алуучу чаралар, камакка алуу, каттоо иш-аракеттерин жүзөгө ашырууга тыюу салуу ж.б.) жоктугуна карата укуктук каттоого арыз берген адамдын жеке маалыматтарын текшерет;
— кыймылсыз мүлк бирдигинин каттоо карточкасына жана башка документтерине кыймылсыз мүлккө укуктардын пайда болушу, өтүшү, токтотулушу жөнүндө жазууларды киргизет;
— каттоо делолоруна, анын ичинде электрондук архивге документтерди киргизет, каттоо делосунда камтылган документтердин тизмине жазууларды киргизет;
— кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте берет.
— кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодо кетирилген каталарды мыйзамдарда белгиленген тартипте оңдойт;
— каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди жеке жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте талап кылат;
— мыйзамдарда белгиленген учурларда жана тартипте кыймылсыз мүлктүн мүнөздөмөлөрүн текшерүүнү, мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруу үчүн берилген документтердин аныктыгын экспертизалоону жана кыймылсыз мүлктү техникалык текшерүүнү дайындайт;
— кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп саналган документтерди текшерет жана күбөлөндүрөт;
— кыймылсыз мүлккө укуктарды, чектөөлөрдү мамлекеттик каттоону күбөлөндүрөт;
— каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү жана консультацияларды берет;
— ай сайын укуктарды жана укуктарды чектөөлөрдү каттоонун көлөмү жөнүндө отчетторду жана кыймылсыз мүлккө катталган укуктар жана чектөөлөр жөнүндө берилген маалыматтарды иштеп чыгат;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактайт;
— Агенттик филиалынын ишине тиешелүү талаш-тартыштарды кароодо соттук жана башка инстанцияларда Агенттик филиалынын кызыкчылыктарын белгиленген тартипте көрсөтөт жана коргойт;
— Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларында аныкталган тартипте өзү даярдаган жана бөлүмдүн башчысы жана Агенттиктин филиалынын жетекчилиги менен макулдашылган доо арыздарды, дооматтарды, доолорго каршы пикирлерди, сот актыларына даттанууларды сот органдарына берет;
— филиалдын директоруна кол коюуга берилген буйруктардын, нускамалардын, жоболордун жана укуктук мүнөздөгү башка документтердин долбоорлорунун мыйзамдарга ылайык келишин текшерет. Ылайык келбегендиги аныкталса, тиешелүү маселени мыйзамдуу чечүү боюнча сунуш киргизет;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактайт.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
- өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3×4 см сүрөт;
- жыйынтык (резюме);
- билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;
- өмүр баян (кол менен);
- паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); аскердик билеттин көчүрмөсү;
- окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү.
Документтер 2026-жылдын 21-май саат 17:30га чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Базар-Коргон филиалында кабыл алынат.
Дареги: Базар-Коргон шаары, Б. Осмонов көчөсү 85
Телефон: (3736) 5-01-87
Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Тесттин датасы, убактысы жана орду жөнүндө кошумча маалымат берилет.