Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине карштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек филиалыбош кызмат ордун ээлөө конкурсун жарыялайт

  • Рубрика записи:Вакансии

маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси – 1штаттык бирдик

Квалификациялыкталаптар:

  1. Багыттарыбоюнчажогорку же кесиптик орто билим: Эсептөө техникалары жана маалыматтык технологиялар, юриспруденция.
  2. Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;
  3. Маалымат базаларын башкаруу боюнча MSSQLServer? MySQLсистемалары менен иштөө тажрыйбасы жана билими. Windows жана Unix классындагы операциялык системаларын билүүсү; WEB сервер, FTP сервер, Mail? DNS негизги кызматтары менен иштөө; IT системалары жана маалымат базалары менен иштөө тажрыйбасы; геомаалыматтык тиркемелер жана системалар менен иштөө тажрыйбасы.
  4. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси.

Кызматтык милдеттери:

-компьютердик жана сервердик жабдууларга техникалык тейлөө жүргүзөт;

-программалык жана аппараттык камсыздоонун бузулууларын ыкчам аныктоону жана жоюуну камсыздайт;

-кыймылсыз мүлк, кадастр, картография боюнча автоматташтырылган маалымат системаларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылат;

-тармактын инфраструктуранын үзгүлтүксүз иштешин камсыздайт;

-сервердик тиркемелерди орнотот жана конфигурациялайт;

-компьютердик, тармактын серверлердин иштешине зарыл болгон тесттик текшерүүлөрдү жана профилактикалык текшерүүлөрдү жүргүзөт;

-тармактык ресурстарга жетүүнү чектөө саясатын ишке ашырат;

-WEB серверлеринин жана VPNканалдарынын иштешин колдойт

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер: *

-жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча,

-3 х 4 см сүрөт; * жыйынтык; *

-билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн); *

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн); *

-КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат; *

-автобиография (кол менен); *

-паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); *

-аскердик даража жана аскердик наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү. *

-Медициналык справка — форма 86-у

Сынакка катышуу үчүн документтерди 2026-жылдын 6-апрелин баштап 17-апрелин кошо алганда кабыл алат.

 Бишкек ш., Эркиндик пр. 57, кабинет 314, дареги боюнча тапшыруу керек. тел. 62-03-46, 0554 22 35 35