Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Москва филиалынын, Жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адиси бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт– 2 бирдик

  • Рубрика записи:Вакансии

Квалификациялык талаптар жана жеке сапаттары

Жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адиси кызматын ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:

 

Кесиптик билимдин деңгээли:

Багыттары боюнча жогорку жана атайын орто билими: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция, агроном, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.

 

Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:

Жерге жайгаштыруу жана жер кадастры боюнча иш тажрыйбасы талап кылынбайт.Кесиптиккомпетенттүүлүгү:

Билүүсү зарыл:

— мамлекеттик жана расмий тилдерди;

— Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

— “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамын;

— “Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө”, “Жер укуктук мамилерди жөнгө салуу жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;

— Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Турак жай кодексин;

— Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;

— Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;

— “Айыл чарба жерлерин башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Геодезия жана картография жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентин”;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жобону;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 токтому менен бекитилген “Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону”;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 311 токтому менен бекитилген “Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жобону;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежесин”;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби тууралуу” жобону;— Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 388 токтомумененбекитилген “Кыймылсызмүлкбирдиктеринетехникалыкизилдөөжүргүзүүнүнтартибижөнүндө” жобону;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын”;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону;

— Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” (КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 129, 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 142, 2022-жылдын 30-июнундагы № 53, 2022-жылдын 12-июлундагы № 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) мыйзамын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 “Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу” токтомун;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 “Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомун;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 158 “Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке маалыматтарды башка мамлекеттик кармоочулардан (ээлеринен) алган жеке маалыматтардын пайдаланылышына контроль жүргүзүү жөнүндө” токтомун;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бекитилген Жеке менчик турак үйлөр үчүн жер участокторун берүү жөнүндө, Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү жөнүндө тартиптерин;

— Жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жобону;

— Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу процедураларын;

— Эмгек, өндүрүш жана башкарууну уюштуруунун негиздерин;

— Эмгек коргоо эрежелерин жана ченемдерин;

— Филиал жөнүндө жобону.

Чеберчилиги:

— Жетекчинин шыктарына, аналитикалык жөндөмдөргө ээ болуу;

— Иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегикалык пландарды иштеп чыгуу;

— Анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг;

— Ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;

— Кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

— Талаштарды компетенттүү чечебилүү, кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;

— Өз ишин натыйжалуу пландаштыруу, кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалану;

— Кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу.

Жөндөмдүүлүк:

— Аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

— Маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

— Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

— Картографиянын негиздерин билүү;

— Топографиялык жана геодезиялык иштердин негиздерин билүү жана аны картография материалдарына колдонуу;

— Административдик иштер боюнча жол-жоболорду билүү;

— Маалыматтыктехнологиялардын негиздерин билүү;

— Конфликттик кырдаалды жөнгө салуу;

— Маалымат базалары менен иштөө;

— Презентацияларды даярдоо;

— Кызматтык убакытты рационалдуу пайдалану;

— Компьютердик жана уюштуруучу техниканы, зарыл болгон программалык продуктуларды колдонобилүү.

Тилдерди билүүсү:

— Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү.

 

Компьютерде иштей билүүсү:

— MS Office;

— Электрондук почтаны колдонуу;

— Маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү;

— АМТ “Infodocs” (ЭИКЖТ);

— ArcGIS, AutoCAD.

 

Жеке сапаттары:

Чынчылдык, калыстык, жоопкерчилик, тартип, аткаруучулук, тырышчаактык, демилге, натыйжалуулук, кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу, коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу.

 

Негизги жүрүм-турум компетенциялары:

Инновацияга басым жасоо, командалык иш, натыйжага багыт алуу, аналитикалык ой-жүгүртүү, стратегиялык иштер, профессионалдык өнүгүү, ийкемдүүлүк, лидерлик сапат жана башкалардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү, маданий-аралык компетенция.

Соттуулугу бар/же соттуулугу жок гана адамдар Жер кадастры жана кадастрды көзөмөлдөө боюнча адис кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес.

Кызматтык милдеттери:

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

— Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылар менен жергиликтүү каттоо органынын ишмердигин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарына жараша ишмердигин уюштуруу;

— Жер кадастры, жергежайгаштыруу маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бирдей аткарылышын жана жүктөлгөн функциялык милдеттерин тиештүү түрдө аткарылышын камсыздоо;

— Жарандар менен юридикалык жактардын жергежайгаштыруу, жер мамилелери боюнча даттануулар жана арыздардын каралып чыгуу процессин камсыздоо;

— Жергежайгаштыруу иштерин жүргүзүү менен укук күбөлөндүрүүчү документтерди даярдоо;

— Жерлерди трансформациялоо боюнча жергежайгаштыруунун көктөмөлөрүн даярдоо;

— Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын компенсацияларын эсептөө;

— Өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;

— Кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо;

— Башкармалыктын белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, райсмий маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо;

— Кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

— Кыймылсыз мүлктүн бирдигинин маалымат базасына техникалык параметрлердин толук жана туура киргизилишин камсыздоо;

— Жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жана жогорку кызмат өкүлдөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз учурунда жана сапаттуу аткаруу;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген Агенттикке тиешелүү чектөөлөрдү жана тыюусалуу иштерди сактоо;

— Зарыл болгон учурда комиссияларга катышуу;

— Ар айлык эсепке алуу жана аткарылган жумуштардын көлөмү тууралуу ар айлык отчеттуулуктун өз убагында, туура жана сапаттуу түзүлүшүн уюштуруу жана көзөмөлдөө;

— Ар айлык отчет түзүү менен так отчеттуулук бланкаларын (мамлекеттик акт, күбөлүктөр) эсепке алуу жана колдонулушу боюнча көзөмөлдү камсыздоо;

— “Инфодокс” ЭДЖ системасы менен толук жана дурус иштешин камсыздоо.

Укуктары

Төмөнкүлөргө укугу бар:

— Жетекчиликке эмгек мамилелерин маалымат менен жана эмгекти төлөө формасы боюнча туура киргизүү;

— Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон уюштуруучулук — техникалык шарттарды камсыз кылуу;

— Белгиленген тартипте кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга барууга;

— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн жана мамлекеттик органдын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдөн жана башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алуу;

— Өзүнүн өздүк ишиндеги бардык материалдар, өздүк ишине киргизилгенге чейинки кесиптик иш боюнча ой-пикирлер жана башка документтер менен таанышуу, ошондой эле өзүнүн жазуу жүзүндөгү түшүнүк каттарын өздүк ишке киргизүүгө;

— Жетекчи берген түзөтүү тийиштүүлүгүнүн мыйзамдуулугуна шектенүү пайда болгон учурда бул түзөтүүнү жазуу жүзүндө тастыктоо жана зарыл болсо, иштин өзгөчөлүгүнүн талаптарына ылайык укуктарды жана ыйгарым укуктардын тизмесин толуктоо суранына жооп берүү;

— Берилген кызматтык милдеттерин аткаруу, семинарларга, конференцияларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн кызматтык иш сапарга жана ошондой эле чет өлкөлүк сапарларга барууга.

Жоопкерчилик

Төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчиликтер татат:

— Ушул кызматты инструкцияга жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн;

— Агенттиктин Регламентин жана ички эмгек тартибин, өрт коопсуздугун жана эмгектик коргоо эрежелерин сактабоо үчүн;

— Мамлекет тарабынан жана башка мыйзам менен корголуучу сырды түзгөн маалыматты, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон маалыматты ачыкка чыгаруу үчүн;

— Жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттер же аракетсиздиги үчүн;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызматка байланыштуу чектөөлөрдү жана тыюуларды сактабагандыгы үчүн;

— Мыйзамсыз көрсөтмөлөрдү кошпогондо, жетекчилердин баш ийүү тартибинде жетекчилердин тапшырмаларын, буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн кечиктирип, сапатсыз аткаргандыгы үчүн;

— Кызматтык милдеттеринин чегинде жарандардын жана коомдук бирикмелердин, мекемелердин, уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларын өз убагында карабоо үчүн;

— Келтирилген материалдык зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте материалдык жоопкерчиликтер татат;

— Эгер мыйзамсыз буйрук аткарса (же берсе), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик, жарандык же кылмыш жоопкерчилигин тартылат.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

– Жеке арыз, жеке курамдын өздүк кагазы, резюме, өмүр баяны (маалымат – соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); аскердик билет, мед. справка №086; 3×4 сүрөт – 3 даана;

– Паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын растаоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

– Кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар.

 

Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 25-мартынан баштап 7-апрелин кошо алуу менен саат 17:30 га чейин Чүй облусу, Москва району, Беловодск айылы, Победа көч., 44 дарегине кабыл алынат.

 

Сурап билүү телефону: 0558 129 349