Жер агенттигинин Араван филиалы жаңы имараттуу болду

  • Рубрика записи:Новости

12-ноябрь күнү Министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Араван филиалынын  жаңы имаратынын капиталдык ремонту бүткѳндүгү менен таанышуу болуп ѳттү.

Араван филиалынын мурдагы имараты эскирип кеткендигине жана калкты тейлѳѳгѳ мүмкүнчүлүктѳр чектелип калгандыгына байланыштуу  Араван районунун С. Юсупова айыл ѳкмѳтү тарабынан башка имарат 2024-жылы берилген.  Бул имарат чоңураак болуп, бирок капиталдык ремонттого муктаж болгондуктан, 2025-жылдын башынан проекттик сметалык документация иштери жүргүзүлүп, тендерге берилип, 30-июндан  31-октябрьга чейин ремонт иштери жүргүзүлдү.

Араван районунун   90-жылдык маарекесине байланыштуу райондо бир нече жаңы объекттердин ачылыш аземи болуп, алардын катарында Араван филиалынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Жаңы имарат 2-кабаттуу болуп,  жарандарга  жана кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзѳт жана мекеменин иштѳѳ эффективдүүлүгүн жогорулатат. Анда заманбап кабыл алуу залы жана санариптик кызматтары каралып, күнүнѳ 200 дѳн 300 гѳ чейин жарандарды тейлѳѳгѳ ылайыкталган.                 Имарат астында, жашылдандыруу гүл бакчалары тигилген. Күз-кыш мезгилинде имарат кѳмүр менен жылытылып, жылытуу системасы ишке берилди.

Бул жаңыланган филиал Араван районунун инфраструктурасын ѳнүктүрүүгѳ жана жарандарга сапаттуу кызмат кѳрсѳтүүгѳ багытталган.