Бишкек, 2025-жылдын 18-сентябры – Бишкекте өтүп жаткан Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 12-жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын ыйгарым укуктуу мекемелери ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Документке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин директору Эрнисбек Жакшылыкович Зарнаев жана Түркия Республикасынын Курчап турган чөйрө, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министрлигине караштуу Жер реестри жана кадастр башкы дирекциясынын башкы директору Хакан Гедикли кол койду.
Меморандум кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо, кадастрдык эсеп, геодезия, картография жана мейкиндиктик маалыматтар инфраструктурасын өнүктүрүү тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган. Документте бул тармактарды санариптештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.
Меморандумду ишке ашыруу алкагында тараптар төмөнкүлөр боюнча макулдашышты:
Эки өлкөнүн адистери ортосунда билим жана алдыңкы тажрыйба алмашуу;
Биргелешкен семинарларды, жолугушууларды жана мастер-класстарды оффлайн жана онлайн форматта уюштуруу;
Адистерди окутууну уюштурууга көмөктөшүү;
Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жеке секторду тартуу.
Бул Меморандумга кол коюу Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда жер-кадастрдык жана геомейкиндиктик маанилүү маселелер боюнча жемиштүү кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү үчүн бекем негиз түзүп, заманбап технологиялар жана мыкты тажрыйбалар менен натыйжалуу алмашууга өбөлгө түзөт.
Маалымат үчүн:
Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жыл бою аракеттенет, автоматтык түрдө узартылат.
Бишкек, 18 сентября 2025 года – В рамках 12-го заседания Совместной межправительственной кыргызско-турецкой комиссии по торгово-экономическому сотрудничеству, проходящего сегодня в Бишкеке, подписан Меморандум о взаимопонимании между уполномоченными ведомствами Кыргызской Республики и Турецкой Республики.
Документ скрепили подписями Директор Государственного агентства по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики Эрнисбек Жакшылыкович Зарнаев и Генеральный директор Генерального директората земельного реестра и кадастра Министерства окружающей среды, урбанизации и изменения климата Турецкой Республики Хакан Гедикли.
Меморандум направлен на укрепление двустороннего сотрудничества в области регистрации прав на недвижимое имущество, кадастрового учета, геодезии, картографии и развития инфраструктуры пространственных данных. Особое внимание в документе уделяется вопросам цифровизации этих сфер.
В рамках реализации Меморандума стороны договорились о:
• Обмене знаниями и передовым опытом между экспертами двух стран.
• Организации совместных семинаров, встреч и мастер-классов как в очном, так и в онлайн-формате.
• Содействии в организации обучения специалистов.
• Привлечении частного сектора к реализации совместных проектов.
Подписание данного Меморандума закладывает прочную основу для дальнейшего углубления плодотворного сотрудничества между Кыргызстаном и Турцией в важнейших земельно-кадастровых и геопространственных вопросах, что будет способствовать эффективному обмену современными технологиями и лучшими практиками.
Справочно:
Меморандум о взаимопонимании вступает в силу с момента подписания и будет действовать в течение пяти лет с автоматической пролонгацией.