Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кочкор филиалы, Жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адис -1 бирдик бош кызмат ордун ээлөөгө ачык сынак жарыялайт.
Жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адис – 1-бирдик.
Кесиптик билим деңгээли: Багыттары боюнча жогорку билими: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция, агроном, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.
Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:
Жер кадастры жана топографиялык изилдөө бөлүмүнун адиси – жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же мамлекеттик/муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
Кесиптик компетенттүүлүгү:
– Мамлекеттик жана расмий тилдерди;
– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
– “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамын;
“Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө”, “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Турак жай кодексин;
– Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;
– Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;
-“Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун өткөрүп берүү (трансформациялоо) жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын арыздарын кароонун тартиби жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024жылдын 12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Компьютерде иштей билүү:
– MS / Office;
– электрондук почтаны башкаруу, интернет тутуму менен иштөө;
– СЭД жана башка маалымат базалары менен иштөө чеберчилиги.
Сынакка катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:
Арызы, кадрларды каттоо баракчасы, резюме, өмүр баян, сүрөтү 3х4 – 3 даана;
Паспорттун көчүрмөсу (паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин түп нускасы сынакка документтерди тапшырган учурда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
Керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтери, эмгек стажын жана квалификациясынын ырастаган документтери (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, аскердик билеттин көчүрмөсүилимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
Сынакка катышуу үчүн папкага салынган документтерди 2024- жылдын 25-ноябрынан баштап, 2024- жылдын 06-декабрына саат 17:30 га чейин, Кочкор филиалынын кабылдамасына тапшыруунуздар керек.
Дареги: Кочкор району, Кочкор айылы , С.Алиев көч., №22 Телефон: 0 3535 5-10-23