Жер агенттигинин кызматкери Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ыраазычылык катына татыды

КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Манас филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Акинай Абдыкадырова «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК тарабынан ыраазычылык кат менен сыйланды.

Ыраазычылык кат кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү жана кесипкөйлүк менен аткарып, мамлекеттик ипотекалык программаларды ишке ашырууга кошкон салымы, ошондой эле жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүүдөгү үзүрлүү эмгеги үчүн тапшырылды.

Жер агенттиги сыйлык ээсин куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, бекем ден соолук жана жаңы жетишкендиктерди каалайт.