Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине карштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек филиалы бош кызмат ордун ээлөө конкурсун жарыялайт

Квалификациялык талаптар жана жеке сапаттары
Картография бөлүмүнүн адисинин кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:
Кесиптик билим деңгээли:
Багыттары боюнча жогорку жана атайын орто билими: жерге жайгаштыруу жана кадастрлар, архитектура жана шаар куруу, геодезия жана картография, агроном, гидромелиорация

Иш тажрыйбасы жана стажы:
Жерге жайгаштыруу жана жер кадастрыбоюнча иштажрыйбасыталап кылынбайт.
Кесиптик компетенттүүлүк:
— ГИС тиркемелери менен иштөө тажрыйбасы (QGIS, ArcGIS, Geoserver ж.б.)
— GPS, GNSS кабылдагычтары менен иштөө тажрыйбасы;
— геодезиялык координаттар системасын билүүсү;
— кыймылсыз мүлккө дарек жана идентифкациялык код ыйгаруу принциптерин билүүсү;
— индекстелген каттоо карталарын жүргүзүү принциптерин билүүсү;
— картографиялык материалдарды, ортофотопландарды колдонуу жана географиялык координаттарга байлоо жана санариптештирүү иштерин жүргүзүү тажрыйбасы
Билүүсү зарыл:
— Мамлекеттик жана расмий тилдерди;
— Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
— “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;
— Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин,
— Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;

Чеберчилиги:
— иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг;
— ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;
— өз ишин жана башкаруу ишин натыйжалуу пландаштыруу, кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу
Жөндөмдөрү жана көндүмдөрү:
— иштин алдыңкы багыттарын аныктоо;
— ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;
— маалыматтык базаларды жана сервистик, программалык кызматтарды колдоно билүү;
— геодезия, картография багыты боюнча мыйзамдардын негиздерин билүү, укуктук, методикалык документтер менен иштөө, аларды практикада колдонуу;
— ГИСпродуктуларынын өзгөчөлүктөрүн жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— талаштарды компетенттүү чече билүү, кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;
— натыйжалуу мамилелерди түзүү, ишкердик этиканын ыкмаларын өздөштүрүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат жазуу ыкмаларын билүү, жолугушууларды өткөрүү;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактоо;
— тренингдерди жана билим берүү курстарын өткөрүү боюнча көндүмдөрү;
— чыгармачыл жана стратегиялык ой жүгүртүүгө ээ болуу.

Жеке сапаттары
— чынчылдык;
— калыстык;
— жоопкерчилик;
— тартип;
— пунктуалдуулук;
— демилгелүүлүк;
— натыйжалуулук;
— коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык мамиле кылуусу;
— кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуусу.
Тилдерди билүүсү:
— Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү
Негизги жүрүм-турум компетенциялары
инновацияга басым жасоо; командалык иш; натыйжага багыт алуу; аналитикалык ой-жүгүртүү; стратегиялык иштер; профессионалдык өнүгүү; ийкемдүүлүк; лидерлик сапат жана башкалардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү;
Жоюлган жана/же жоюлбаган соттуулугу бар, жазык куугунтугу уланып жаткан жана/же токтотулган жана/же шектенүүсү бар адамдар Филиалдын кадастрдык картография боюнча адис кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер: *

-жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча,

-3 х 4 см сүрөт; * жыйынтык; *

-билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн); *

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн); *

-КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат; *

-автобиография (кол менен); *

-паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); *

-аскердик даража жана аскердик наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү. *

-Медициналык справка — форма 086-у

Сынакка катышуу үчүн документтерди 2026-жылдын 2-июнунан баштап 15-июнун кошо алганда кабыл алынат.

 Бишкек ш., Эркиндик пр. 57, кабинет 314, дареги боюнча тапшыруу керек.тел. 62-03-46, 0 221 051 649,