Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги Сокулук филиалына төмөнкү бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги Сокулук филиалына.

Төмөнкү бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт:

Кадастрдык картография боюнча адис – 1 штаттык бирдик

Сынакка катышуучуларга коюлуучу талаптар

Квалификациялык талаптар

Кесиптик билим деңгээли:

  • жерге жайгаштыруу жана кадастр;
  • юриспруденция;
  • архитектура жана курулуш;
  • геодезия;
  • картография;
  • агрономия;
  • гидромелиорация;
  • геоинформатика багыттары боюнча жогорку билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда кеминде 1 жылдык иш стажы;
    же
  • тиешелүү кесиптик чөйрөдө кеминде 1 жылдык иш тажрыйбасы.

Кесиптик компетенттүүлүк

Билими:

Мамлекеттик кызматкер кызматтык милдеттерин аткарууда төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды билүүгө тийиш:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө»;
  • Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  • «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  • «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө»;
  • «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  • «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн жарлыктары, буйруктары жана токтомдору;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы №341 токтому менен бекитилген Өкмөттүн Регламенти;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы №382 токтому менен бекитилген Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу «Кадастр» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо;
  • «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №311 токтому менен бекитилген жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №49 токтому менен бекитилген кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №301 токтому менен бекитилген кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык тутумдан маалыматтарды берүү тартиби жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин этика кодекси.

Кызматтык милдеттери

  • Бишкек шаарынын жер мониторинги боюнча маалыматтарды планшеттерге түшүрүү;
  • архивдик документтердин сакталышын камсыз кылуу;
  • жер боюнча кадастрдык маалыматтарды чогултуу, иштетүү, сактоо жана берүү иштерин компьютерлештирүү;
  • Сокулук районунун административдик-аймактык чек араларын аныктоо иштерине катышуу;
  • жер мамилелери боюнча жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо;
  • картографиялык материалдарды изилдөө жана алардын жарактуулугун аныктоо;
  • картографиялык материалдарды жаңыртуу боюнча иштердин көлөмүн аныктоо;
  • каттоо индекс картасына кыймылсыз мүлк бирдиктеринин чек араларын түшүрүү;
  • кыймылсыз мүлк объекттерине идентификациялык коддорду берүү;
  • каттоо карталарын жүргүзүү;
  • жер участокторунун чек араларын тактоо үчүн жерине чыгуу;
  • кыймылсыз мүлк ээлеринин арызы боюнча почталык номер ыйгаруу;
  • чек аралар боюнча зарыл маалыматтарды топтоо;
  • жер мамилелери боюнча сунуштарды жана арыздарды кароо;
  • кызматтык милдеттерди сапаттуу аткаруу жана эмгек тартибин сактоо;
  • иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын талаптарын аткаруу.

Тилдерди билүү

  • мамлекеттик жана расмий тилдерди кызматтык милдеттерди аткарууга жетиштүү деңгээлде билүү.

Компьютерди билүү

  • MS Office;
  • СЭД;
  • AutoCAD;
  • электрондук почта менен иштөө;
  • маалымат базалары менен иштөө көндүмдөрү.

Жеке сапаттары

  • ак ниеттүүлүк;
  • калыстык;
  • жоопкерчилик;
  • тартиптүүлүк;
  • тактык;
  • демилгелүүлүк;
  • мотивациялуулук;
  • натыйжалуулук;
  • чыгармачылык мамиле;
  • кесиптик билимди өнүктүрүүгө умтулуу.

Укуктары жана милдеттери

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен иш жүргүзүү;
  • жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароо;
  • жер талаштарын жөнгө салуу боюнча комиссияларга катышуу;
  • жер пайдалануунун чек араларын аныктоо жана межелөө планын түзүү;
  • жер участогун бөлүү же бириктирүү боюнча долбоорлорду даярдоо;
  • жерлерди трансформациялоо боюнча материалдарды даярдоо;
  • кварталдык жана учурдагы отчетторду түзүү;
  • ички эмгек тартибин, өрт коопсуздугун жана эмгекти коргоо эрежелерин сактоо;
  • мамлекеттик жана кызматтык сырды сактоо;
  • мыйзамдарда каралган чектөөлөрдү сактоо.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер

  • жеке арыз;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;
  • резюме;
  • өмүр баян;
  • 3×4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • билим жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • квалификацияны жогорулатуу тууралуу документтер;
  • ИИМдин маалымат борборунан соттуулугу жоктугу тууралуу маалымкат;
  • аскердик билет;
  • медициналык маалымкат (086 форма).

Талаптарга жооп бербеген жарандар сынакка катышууга жол берилбейт.

Документтер толук көлөмдө жана өз алдынча тапшырылышы керек.

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү

Жарыя жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде.

Дареги:

Сокулук району, Сокулук айылы, Фрунзе көчөсү №114, 2-кабат.