Квалификациялык талаптар:
- Билими – укук, жерге жайгаштыруу жана кадастр, кыймылсыз мүлктү башкаруу, архитектура жана курулуш боюнча жогорку билим.
- Тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы; кыймылсыз мүлккө жана кадастрга укуктарды каттоо системасында 1 жылдан кем эмес.
- Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
- Компьютерлерди жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel ж.б.).
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын жер, жарандык жана башка мыйзамдарын билүү.
Кызматтык милдеттери:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
– белгиленген тартипте соттордо жана башка инстанцияларда Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин филиалынын ишмердүүлүгүнө байланышкан талаш-тартыштарды кароодо Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин филиалынын кызыкчылыктарын билдирет жана коргойт;
– өзү тарабынан даярдалган жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин филиалынын бөлүм башчысы жана филиалдын жетекчилиги менен макулдашылган доо арыздарды, талаптарды, дооматтарга каршылыктарды, сот актыларына даттанууларды сот органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берет;
– Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын билет;
– филиалдын директоруна кол коюуга берилген буйруктардын, нускамалардын, жоболордун жана башка ченемдик-укуктук документтердин долбоорлорунун мыйзамдарга ылайык келишин алар берилген учурда текшерет. Эгерде карама-каршылыктар аныкталса, тиешелүү маселени мыйзамдуу түрдө чечүү боюнча сунуштарды киргизет;
– эмгек милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактайт.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
• өздүк арызы, кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөт 3 х 4 см;
• резюме;
• билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);
• эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
• Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен соттолбогондугу жөнүндө маалым кат;
• автобиография (кол менен);
• паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктаган документтин түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек);
• аскердик билеттин көчүрмөсү;
• илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.
Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 12-май айынан баштап 25-май айы саат 17:30га чейин кабыл алынат.
Документтерди төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:
Бакай-Ата району, Бакай-Ата айылы, Манас көчөсү №103.
Байланыш номерлери: 3-21-96, +996 706 251 588.