Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине карштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек филиалы бош кызмат ордун ээлөө конкурсун жарыялайт

  • жер кадастры жана техникалык изилдөө бөлүмүнүн адиси, 17 штаттык бирдик

Квалификациялык талаптар:

  1. Багыттары боюнча жогорку же кесиптик орто билими болууга тийиш: жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, геодезия жана картография, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция, агрономия, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.
  2. Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;
  3. Компьютерде MS Office, электрондук почтаны колдонуу, ГИС тиркемелери менен иштөө тажрыйбасы (QGIS, ArcGIS, GeoServer ж.б.);
  4. GPS, GNSS кабылдагычтары менен иштөө тажрыйбасы;
  5. Геодезиялык координаттар системасын билүүсү;
  6. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Жарандык кодексин, Кыргыз Республикасынын Этика кодексин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамын билүүсү зарыл.

Кызматтык милдеттери:

  • жер фондунун болушу жана бөлүштүрүлүшү жөнүндө жылдык отчетторду түзүү;
  • кадастрдык жер маалыматтарынын алгачкы маалыматтарын чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана берүү;
  • Бишкек шаарынын чек араларын аныктоо, административдик-аймактык бөлүштүрүү боюнча иштерге катышуу;
  • жер ээлеринин кадастрдык жана башка маалыматтарга жетүүсүн камсыз кылуу;
  • жер мамилелери маселелери боюнча жарандардын көрсөтмөлөрүн жана даттанууларын кароо жана алар боюнча тиешелүү чараларды көрүү;
  • пландаштырылган иштерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
  • иш жүргүзүү мезгилинде архивдик документтердин сакталышын контролдоо;
  • чек аралар жөнүндө керектүү маалыматтарды тандоо.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

  • жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
  • 3 х 4 см сүрөт;
  • жыйынтык (резюме);
  • билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;
  • автобиография (кол менен жазылган);
  • паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
  • аскердик даража жана аскердик наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү;
  • медициналык справка — форма 086-у.

Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 11-майынан баштап 22-майын кошо алганда кабыл алынат.

Документтерди төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:
Бишкек ш., Эркиндик пр. 57, кабинет 314, тел.: 62-03-46, 0 554 22 35 35.