Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ноокат филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адиси бош кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт.

Филиалдын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адиси – 5 бирдик бош кызмат ордуна коюлуучу талаптар:

Кесиптик билим деңгээли:
геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция, агроном, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.

Иш стажы жана тажрыйбасы:
кесип боюнча 1 жылдан кем эмес эмгек стажы;
кесиптик компетенттүүлүк.

Төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары боюнча укуктук-ченемдик актылар.

Билгичтиги:

  • жогорку турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо.

Командада иштөө:

  • жер кадастры жана картографиялык талдоо иштерин жүргүзө билүү;
  • картографиялык шарттуу белгилерди жана карта менен иштөөнү билүү.

Көндүмдөрү:

  • мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • маалымат базасында иштей билүү;
  • жумуш убактысын үнөмдүү пайдалануу;
  • компьютерде иштей билүү (Word, Excel, Internet, AutoCAD);
  • Инфодокс электрондук документ жүгүртүү системасында иштей билүү.

Сынакка катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:

  • арыз, кадрларды каттоо баракчасы, резюме, өмүр баян, сүрөтү 3×4 – 3 даана;
  • паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин түп нускасы сынакка документтерди тапшырган учурда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
  • керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтери (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
  • соттолбогондугу жөнүндө маалым кат (КР ИИМ Маалымат борбору).

Документтерди 2026-жылдын 19-май күнүн кошо алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ноокат филиалына — Ош облусу, Ноокат району, О. Солтобаев көчөсү № 14 дареги боюнча берүү керек.

Телефон: 03230 50327, +996 778-663-666.