Кызматтык милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
- Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылары менен жергиликтүү каттоо органынын ишмердигин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарына жараша ишмердигин уюштуруу;
- жер кадастры, жерге жайгаштыруу маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бирдей аткарылышын жана жүктөлгөн функциялык милдеттерин тийиштүү түрдө аткарылышы;
- жарандар менен юридикалык жактардын жерге жайгаштыруу, жер мамилелери боюнча даттануу жана арыздарынын каралып чыгуусун камсыздоо;
- жерге жайгаштыруу иштерин жүргүзүү менен укук күбөлөндүрүүчү документтерин даярдоо;
- жерлерди трансформациялоо боюнча жерге жайгаштыруу көктөмөлөрүн даярдоо;
- айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын компенсацияларын эсептөө;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;
- кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо;
- Башкармалыктын белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, расмий маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо;
- кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;
- кыймылсыз мүлктүн бирдигинин маалымат базасына техникалык параметрлердин толук жана туура киргизилишин камсыздоо;
- жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогорку кызмат өкүлдөрдүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз учурунда жана сапаттуу аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген Агенттикке тиешелүү чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо;
- зарыл болгон учурда комиссияларга катышуу;
- ар айлык эсепке алуу жана аткарылган жумуштардын көлөмү тууралуу ар айлык отчеттуулуктун өз убагында, туура жана сапаттуу түзүлүшүн уюштуруу жана көзөмөлдөө;
- ар айлык отчет түзүү менен так отчеттуулук бланкаларын (мамлекеттик акт, күбөлүктөр) эсепке алуу жана колдонулуша көзөмөлдү камсыздоо;
— “Инфодокс” ЭДЖ системасы менен толук кандуу иштешин камсыздоо;
— кыймылсыз мүлккө менчик укугун алгачкы каттоону жүргүзүү.
Конкурскакатышууүчүнкеректүүдокументтер:
* өздүкарыз, кадрлардыэсепкеалуубоюнчаөздүкбаракча, 3 х4 см сүрөт;
* жыйынтык (резюме);
* билимитууралуудипломдункөчүрмөсү (нотариалдыкжактанкүбөлөндүрүлгөн);
* эмгеккитепчесининкөчүрмөсү (нотариалдыкжактанкүбөлөндүрүлгөн);
* КРнынИИМиненсоттолбогондугутууралуумаалым кат;
* өмүр баян (колменен);
* паспорттун же инсандыгынырастоочудокументтинкөчүрмөсү(паспорттун же инсандыгынырастоочудокументтинтүпнускасыконкурскакелгендекөрсөтүлөт); аскердикбилеттинкөчүрмөсү.
* окумуштуулукдаражажанаокумуштуулукнаамыйгаруу, квалификациясынжогорулатуутууралуудокументтердинкөчүрмөлөрү.
Скоросшивательге көктөлгөн документтер 28-апрель 2026-ж. саат 17:30 чейин Сузак району, Аттокуров Бегалы 62, Сузак филиалына, кадрлар бөлүмүнө берилиши керек.
Тел.: 03722-76-236
Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Тесттин датасы, убактысы жана орду жөнүндө кошумча маалымат берилет.