Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгын адиси кызмат ордуна — бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгын адиси кызмат ордуна — бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыяланат

Жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгын адиси кызмат ордуна – 1 (бир) орун
Квалификациялык талаптар:
Жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгын адиси кызматын ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:
Кесиптик билимдин деңгээли:
— багыттары боюнча жогорку билими: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, юриспруденция, кыймылсыз мүлктү башкаруу.
Ишке тажрыйбасы жана эмгек стажы:
— жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы
Кесиптик компететтүүлүк:
Билүүсү зарыл:
— Мамлекеттик жана расмий тилдерди;
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө Конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Этика кодекси;
— компьютердик иш ишмердүүлугу (Word, Excel, СЭД ж.б.) ээ болуу.
Чеберчилиги:
иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг;
ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;
кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;
өз ишин жана башкаруу ишин натыйжалуу пландаштыруу.
Кызматтык милдеттери:

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
— жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсыз кылуу;
— кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо;
— Жер агенттигинин белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, райсмий маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактоо;
— өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;
— түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөр тарабынан берилген маалыматтардын комплексин ишке ашыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча отчетторду, жер кадстры боюнча отчетторду, маалыматтык-усулдук материалдарды түзүү жана у.с. кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды топтоо жана берүү;
— жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогорку кызмат өкүлдөрдүн кызматтык
ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз учурунда жана сапаттуу аткаруу;
— Башкармалыктын ишине тиешелүү жер кадастры жана каттоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын аткарылышына жана ченемдик укуктук актыларына өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарды кылуу;
— ведомстволук бөлүмдөрү аткаруучу жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана башка иштер боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди белгилөө боюнча анализ жүргүзүүү жана сунуштарды киргизүү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген Жер агенттигине тиешелүү чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо;
— кыймылсыз мүлктүн салык салынуучу базасынын реестрин түзүүнү камсыз кылуу жана кыймылсыз мүлктү баалоо, ипотека, камсыздандыруу, салык салуу маселелерин иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
— жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү жаатында методикалык, консультациялык, колдоо көрсөтүү жана кызматтын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууга катышуу;
— Башкармалыкка жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткаруу үчүн иш сапарга баруу;
— жер кадастр системасын өнүктүрүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды жана кыймылсыз мүлк рыногун каттоонун эл аралык тажрыйбасын изилдөө жана аларды практикага киргизүү боюнча сунуштарды киргизүү;
— Жер агенттигинин жетекчилери жыйындары үчүн материалдарды даярдоо;
— жүйөлүү себептер менен Башкармалыктын башчысы жок болгон учурда убактылуу милдетин аткаруу;
— Жер агенттигине жүктөлгөн милдеттерге ылайык башка кызматтык милдеттерди аткаруу.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

— өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3х4 см фотосүрөт;
— билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);
— соттуулугу жоктугу тууралуу КР ИИМинен маалымкат;
— медициналык справка — форма 86-у;
— автобиография (өз колу менен);
— билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— аскердик билеттин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгарууну, квалификациясын жогорулатууну ырастаган документтердин көчүрмөсү. (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— паспорттун же өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска келгенде паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы).
Сынакка катышуу үчүн документтер 2025-жылдын 13-октябрынан баштап 24-октябрь саат 18:00 чейин Бишкеке шаары, А.Орозекеков көчөсү №44 дарекке тапшыруу керек.
Байланыш номери: 0312-30-08-56