«Ынтымак Ордо» имаратында кыймылсыз мүлк тармагындагы өкүлдөр менен жолугушуу өттү

Бүгүн, 10-апрелде “Ынтымак Ордо” имаратында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Раимбековдун катышуусунда жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин, “Түндүк” мамлекеттик системасынын өкүлдөрү, ошондой эле курулуш компанияларынын жана кыймылсыз мүлк агенттиктеринин өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жер агенттиги тарабынан “Түндүк” тиркемеси аркылуу көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар тааныштырылды. Өзгөчө көңүл “Сатуу жана сатып алуу” кызматын онлайн форматта жүргүзүүгө бурулду. Катышуучуларга аталган кызматты колдонуу тартиби көрсөтүлүп, анын негизги артыкчылыктары түшүндүрүлдү.

Белгиленгендей, бул кызмат жарандар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатып, убакытты үнөмдөөгө шарт түзөт. Ошондой эле Жер агенттигиндеги кезек күтүү маселесин кыйла азайтууга өбөлгө болот.

Өз кезегинде курулуш компанияларынын жана кыймылсыз мүлк агенттиктеринин өкүлдөрү онлайн кызматты колдоорун билдиришип, жарандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

Жолугушуунун алкагында катышуучулар тарабынан суроолор берилип, аларга жеринде жооптор берилди. Ошондой эле кызматты мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуштар айтылды.
_______

В здании «Ынтымак Ордо» состоялась встреча с представителями сферы недвижимости

Сегодня, 10 апреля, в здании «Ынтымак Ордо» состоялась рабочая встреча с участием заместителя управляющего делами Президента Кыргызской Республики Алмаза Раимбекова.

В мероприятии приняли участие представители Государственного агентства по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики, государственной системы «Түндүк», а также представители строительных компаний и агентств недвижимости.

В ходе встречи были презентованы государственные услуги, предоставляемые Земельным агентством через приложение «Түндүк». Особое внимание было уделено услуге «Купля-продажа», которая реализуется в онлайн-формате. Участникам продемонстрировали порядок получения данной услуги, а также разъяснили её основные преимущества.

Отмечено, что данный сервис, прежде всего, повышает удобство для граждан и позволяет существенно экономить время. Кроме того, внедрение онлайн-формата способствует снижению очередей в Земельном агентстве.

В свою очередь представители строительных компаний и агентств недвижимости выразили поддержку данной инициативе и отметили готовность проводить разъяснительную работу среди граждан.

В рамках встречи участники задали интересующие вопросы, на которые были даны ответы на месте. Также прозвучали предложения по дальнейшему совершенствованию предоставляемых услуг.