КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик ишканасынын алдындагы Республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын директору Аскат Баянов Улуттук телерадиоберүү корпорациясына маек берди.
Маекте Кыргыз Республикасынын аймагындагы топурактардын агрохимиялык абалы тууралуу маалымат берилди. Адистин айтымында, дыйкандар жер үлүштөрүндөгү топуракты лабораториялык анализден өткөрүп, кайсы өсүмдүктү эгүүнү пландап жатканына жараша керектүү өлчөмдө органо-минералдык жер семирткичтерди колдонушу зарыл. Бул түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана топурактын асылдуулугун сактоого өбөлгө түзөт.
Ошондой эле учурда айдоо жерлериндеги гумустун курамы азайып, топурактагы кыймылдуу фосфор менен алмашылуучу калийдин камтылышы төмөндөп бара жатканы белгиленди. Бул өз кезегинде жердин түшүмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизет.
Ушуга байланыштуу адистер дыйкандарга топурактын агрохимиялык анализин жүргүзүп, жер семирткичтерди илимий негизде колдонуу зарылдыгын белгилешет. Республикалык топурак-агрохимиялык станциясы дыйкандарга топуракты лабораториялык изилдөөдөн өткөрүү боюнча кызматтарды көрсөтөт.
Чыгарылышты төмөнкү шилтеме аркылуу көрсөңүз болот: https://www.youtube.com/watch?v=c48Cb9m3GpY

