Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин
пресс-катчы- башкы адисинин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт
| Пресс-катчы- башкы адис катчысы кызматын ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат: |
| Кесиптик билимдин деңгээли: |
| — багыттары боюнча жогорку билими: Журналистика-басма сөз тармагында иш тажрыйбасы |
| Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы: |
| — тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы |
| Кесиптик компетенттүүлүк: |
| Билүүсү зарыл:
— Мамлекеттик жана расмий тилдерди; — Кыргыз Республикасынын Конституциясын; — “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; — “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; — “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; — Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин; — Кыргыз Республикасынын Этика кодексин; — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бектилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентин”;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы; — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону. — Басма сөз релизи жана башка басма сөз материалдарын жазуу ыкмалары менен усулдарын; -Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана коомчулуктун катышуусу менен өткөрүлүүчү басма сөз конференциялары, интервью жана маалымат-жарнама мүнөздүү башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрү эрежелерин; — Уюмдун маалымат менен камсыздоо ишмердигине байланыштуу документтерди тариздөө, жүргүзүү жана сактоо тартибин; Заманбап маалымат-коммуникация технологияларын (текст редакторлору, электрондук таблицалар), Интернет тармагында иштөө принциптерин, мультимедия жабдуусун колдонуу ыкмаларын; -Баарлашууу психологиясынын, социология жана кесипкөй мамилелердин адебинин негиздерин. |
| Чеберчилиги: |
| — иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг; — ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик; — кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; — кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу; — өз ишин жана башкаруу ишин натыйжалуу пландаштыруу. |
| Жөндөмдүүлүк: |
| — аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо; — ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу; — маалыматтык технологиялардын негиздерин билүү; — конфликттик кырдаалды жөнгө салуу; — маалымат базалары менен иштөө; — презентацияларды даярдоо; — кызматтык убакытты рационалдуу пайдалануу; — Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Тилдерди билүүсү: — Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү. Компьютерде иштей билүүсү: — MS/Office; — электрондук почтаны колдонуу; — маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү; — АМТ “Infodocs”(ЭИКЖТ). Жеке сапаттары: — чынчылдык; — калыстык; — жоопкерчилик; — тартип; — аткаруучулук; — тырышчаактык; — демилге; — натыйжалуулук; — кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу; — коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу. |
| Негизги жүрүм-турум компетенциялары: |
| — инновацияга басым жасоо;
— командалык иш; — натыйжага багыт алуу; — аналитикалык ой-жүгүртүү; — стратегиялык иштер; — профессионалдык өнүгүү; — ийкемдүүлүк; — лидерлик сапат жана башкалардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү; — маданият аралык компетенция. |
| Жоюлган жана/же жоюлбаган соттуулугу бар, жазык куугунтугу уланып жаткан жана/же токтотулган жана/же шектенүүсү бар адамдар басма сөз катчысы кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес. |
Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:
— жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); аскердик билет, справка МВД, мед. справка №086; 3×4 сүрөт — 3 даана;
— паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);
— кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).
Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 15-январынан баштап 2026-жылдын 28-январын кошо алуу менен Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 307-иш бөлмөсүнө саат 18: 00 гө чейин, тапшырылышы керек.