Кыргыз  Республикасынын   Министрлер Кабинетине караштуу Жер  ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин                         Жер кадастры жана каттоо башкармалыгынын адиси   бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт -1 бирдик

Кыргыз  Республикасынын   Министрлер Кабинетине караштуу Жер  ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин                         Жер кадастры жана каттоо башкармалыгынын адиси   бош кызмат  ордун ээлөөгө

ачык конкурс жарыялайт -1 бирдик

 

 

  1. Квалификациялык талаптар жана жеке сапаттары
Башкармалыктын башкы адиси, жетектөөчү адиси жана адиси кызматын ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:
Кесиптик билимдин деңгээли:
      — багыттары боюнча жогорку билими: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, юриспруденция, кыймылсыз мүлктү башкаруу.
Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:
—      жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы
Кесиптик компететтүүлүк:
         Билүүсү зарыл:

—   Мамлекеттик жана расмий тилдерди;

—   Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

—   “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө Конституциялык Мыйзамы;

—   Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;

—   Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

—   Кыргыз Республикасынын Этика кодекси;

—   “Айыл чарба жерлерин башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” , “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

—  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрында № 233 токтому менен бектилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти”;

—  Кыргыз Республикасынын “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнундө” мыйзамы;

—  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы  № 49 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежеси”;

—  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин “кыймылсыз мүлк үчүн бирдиктүү маалымат тутумунан жана жергиликтүү каттоо органдарынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби жөнүндө” Жобосу;

—  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”;

—  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо.

Чеберчилиги:
—      иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

—      анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг;

—      ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;

—      кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

—      кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;

—      өз ишин жана башкаруу ишин натыйжалуу пландаштыруу.

Жөндөмдүүлүк:
—      аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

—      маалыматты талдоо, тутмдаштыруу жана жалпылоо;

—      ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө

колдонуу;

—      картографиянын негиздерин билүү;

—      топографиялык жана геодезиялык иштердин негиздерин билүү жана аны картография материалдарына колдонуу;

—      административдик иштер боюнча жол-жоболорду билүү;

—      маалыматтык технологиялардын негиздерин билүү;

—      конфликттик кырдаалды жөнгө салуу;

—      маалымат базалары менен иштөө;

—      презентацияларды даярдоо;

—      кызматтык убакытты рационалдуу пайдалануу;

—      Компьютердик жана жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тилдерди билүүсү:

—      Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү.

Компьютерде иштей билүүсү:

—      MS/Office;

—      электрондук почтаны колдонуу;

—      маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү;

—      АМТ “Infodocs”(ЭИКЖТ).

Жеке сапаттары:

—      чынчылдык;

—      калыстык;

—      жоопкерчилик;

—      тартип;

—      аткаруучулук;

—      тырышчаактык;

—      демилге;

—      натыйжалуулук;

—      кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу;

—      коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу.

Негизги жүрүм-турум компетенциялары:
—      инновацияга басым жасоо;

—      командалык иш;

—      натыйжага багыт алуу;

—      аналитикалык ой-жүгүртүү;

—      стратегиялык иштер;

—      профессионалдык өнүгүү;

—      ийкемдүүлүк;

—      лидерлик сапат жана башкалардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү;

—      маданият аралык компетенция.

                                                                  3. Кызматтык милдеттери
          — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

— жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсыз кылуу;

—  кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо;

— Жер — агенттигинин белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды,

райсмий маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо;

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактоо;

— өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;

— түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөр тарабынан берилген маалыматтардын комплексин ишке ашыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча отчетторду, жер кадстры боюнча отчетторду, маалыматтык-усулдук материалдарды түзүү жана у.с. кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды топтоо жана берүү;

—  жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогорку кызмат өкүлдөрдүн кызматтык

ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз учурунда жана сапаттуу аткаруу;

— Башкармалыктын ишине тиешелүү жер кадастры жана каттоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын аткарылышына жана ченемдик укуктук актыларына өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарды кылуу;

— ведомстволук бөлүмдөрү аткаруучу жерге жайгаштыруу жана  кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана башка иштер боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди белгилөө боюнча анализ жүргүзүүү жана сунуштарды киргизүү;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген Жер — агенттигинин тиешелүү чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо;

— кыймылсыз мүлктүн салык салынуучу базасынын реестрин түзүүнү камсыз кылуу жана кыймылсыз мүлктү баалоо, ипотека, камсыздандыруу, салык салуу маселелерин иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;

— жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү жаатында методикалык, консультациялык, колдоо көрсөтүү жана кызматтын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууга катышуу;

— Башкармалыкка жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткаруу үчүн иш сапарга баруу;

— жер кадастр системасын өнүктүрүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды жана кыймылсыз мүлк рыногун каттоонун эл аралык тажрыйбасын изилдөө жана аларды практикага киргизүү боюнча сунуштарды киргизүү;

— Жер — агенттигинин жетекчилери  жыйындары үчүн материалдарды даярдоо;

— жүйөлүү себептер менен Башкармалыктын башчысы жок болгон учурда убактылуу милдетин аткаруу;

— Жер — агенттигине жүктөлгөн милдеттерге ылайык башка кызматтык милдеттерди аткаруу.

                                                                        4. Укуктары         
             — кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон уюштуруучулук — техникалык шарттарды камсыз кылуу;

— белгиленген тартипте кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга баруу;

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн жана мамлекеттик органдын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү үчүн, зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдөн жана башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алуу;

— өзүнүн өздүк ишиндеги бардык материалдар, өздүк ишине киргизилгенге чейин кесиптик иши жөнүндөгү ой-пикирлер жана башка документтер менен таанышуу, ошондой эле өзүнүн жазуу жүзүндөгү түшүнүк каттарын өздүк ишке киргизүү;

— жетекчи берген оозеки тескеменин мыйзамдуулугуна шектенүү пайда болгон учурда бул тескемени жазуу жүзүндө тастыктоону талап кылуу.  Зарыл болсо, иштин өзгөчөлүгүнүн талаптарына ылайык укуктардын жана ыйгарым укуктардын тизмесин толуктоону сурануу;

— Жер — агенттигинин ведомстволук бөлүмдөрүнө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун, кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн, анын ичинде маалымат берүүнүн айрым милдеттерин аткаруу же токтотуу боюнча көрсөтмөлөрдү берүү;

— Жер — агенттигинин ведомстволук бөлүмдөрүнөн керектүү маалыматты жана материалдарды, ошондой эле көзөмөлдөнгөн ишмердүүлүк багыттары боюнча отчетторду талап кылуу.

— берилген кызматтык милдеттерин аткаруу, семинарларга, конференцияларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн кызматтык иш сапарга жана ошондой эле чет өлкөлүк сапарларга баруу;

                                                              5. Жоопкерчилик
             — ушул кызматтык инструкцияга жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчилик тартат;

— Жер — агенттигинин Регламентин, жана ички эмгек тартибин, өрт коопсуздугун жана эмгекти коргоо эрежелерин сактабоо;

— мамлекет тарабынан жана башка мыйзам менен корголуучу сырды түзгөн маалыматты, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон маалыматты ачыкка чыгаруу;

— жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттер же аракетсиздик;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызматка байланыштуу чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактабоо;

— мыйзамсыз көрсөтмөлөрдү кошпогондо, жетекчилердин баш ийүү тартибинде жетекчилердин тапшырмаларын, буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн кечиктирип, сапатсыз аткаргандыгы үчүн;

— кызматтык милдеттеринин чегинде жарандардын жана коомдук бирикмелердин, мекемелердин, уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларын өз убагында карабоо;

— башкармалыктын жетекчиси мыйзамдарга ылайык кызматтык иштин мүнөзүнө байланыштуу зыян үчүн материалдык жоопкерчилик тартат;

— эгер мыйзамсыз буйрук аткарса (же берсе), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик, жарандык же кылмыш жоопкерчилиги каралат.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

—  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); мед. справка №086; 3×4 сүрөт — 3 даана;

— паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

—  кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, аскердик билет , илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2025-жылдын 28-ноябрынан баштап                            2025-жылдын  11-декабры күндөрү Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 307-иш бөлмөсүнө   саат 17: 00гө чейин, тапшырылышы керек.