“ЖЕР УЧАСТОКТОРУН ТРАНСФОРМАЦИЯЛОО ЖОЛ-ЖОБОСУН ЖӨНӨКӨЙЛӨТҮҮ” ТУУРАЛУУ ЖЫЙЫН БОЛУП ӨТТҮ

“Мамлекеттик акселератордук” программасынын алкагында “Жер участокторун бир категориядан экинчисине которуунун (трансформациялоонун) жол-жобосун жөнөкөйлөтүү” маселесин 100 күндүн ичинде чечүү максатында ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны Жер агенттигинде өткөрүлдү.

Жыйналышта төмөнкү көйгөйлүү маселелер каралды:

– жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоо) жол-жобосунун өтө татаалдыгы;

– документтерди көптөгөн мамлекеттик органдардан алуудагы кечигүүлөр;

– учурдагы талаптардын реалдуу шарттарга шайкеш келбегендиги жана башка маселелер талкууланды.

Жыйналыштын жыйынтыгында көйгөйлөрдүн чечүү жолдору аныкталып, кадамдык деталдаштырылган иш-чаралардын планын иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.