Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине карштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек филиалы бош кызмат ордун ээлөө конкурсун жарыялайт
— каттоо жана маалымат берүү бөлүмүнүн кыймылсыз мүлккү укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча адиси – 1штаттык бирдик
Квалификациялык талаптар:
- Багыттары боюнча жогорку билими:жерге жайгаштыруу жана кадастр, юриспруденция, мүлктү баалоо жана башкаруу. Жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес.
- Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;
- Компьютерде MS/Office; электрондук почтаны колдонуу, маалымат базасы менен иштөө көндүмдөрү; АМТ «Infodocs», ArsGIS,AutoCAD иштей билүүсү керек.
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын; Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Турак жай кодексин; Кыргыз Республикасынын Жер кодексин; Кыргыз Республикасынын Этика кодексин
Кызматтык милдеттери:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
-Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылары менен жергиликтүү катто органынын ишмердигин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарына жараша ишмердигин уюштуруу;
-жер кадастры, жерге жайгаштыруу маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бирдей аткарылышын жана жүктөлгөн функциялык милдеттерин тийиштүү түрдө аткарылышы;
-жарандар менен юридикалык жактардын жерге жайгаштыруу, жер мамилелери боюнча даттануу жана арыздарынын каралып чыгуусун камсыздоо;
-өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;
-кыймылсыз мүлктүн бирдигинин маалыматбазасына техникалык параметрлердин толук жана туура киргизилишин камсыздоо;
-кыймылсыз мүлккө катталган укук жана чектөөлөр жөнүндө маалыматтын белгиленген мөөнөттө даярдалышы менен тартууланышын камсыздоо;
-укук жана чектөөнү каттоо, катталган укук жана чектөө жөнүндө маалымат даярдоо маселелеринде консультативдик жана методологиялык жардам көрсөтүү;
-укук, чектөө, маалымат берүү арыздарынын, бөлүмгө келип түшкөн даттануу, сот актыларды. Укук коргоо жана тергөө органдарынын токтомдорун, корресподенциянын адилеттүү кароосун камсыздоо;
-жарандар менен юридикалык жактардын кат, арыз жана даттанууларына жооптордун өз убагында жана сапаттуу даярдалышын белгиленген тартипте камсыздоо;
-кыймылсыз мүлк боюнча талаш чечүү комиссияларынын жумушуна белгиленген тартипке катышат, комиссиялар үчүн тиешелүү маалыматты даярдоо;
-Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлк боюнча укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө ченемдик-укуктук актыларды дайыма изилдейт жана каттоочулардын эске алуусу үчүн мыйзам базасынын өзгөртүү/толуктоолору жөнүндө маалыматты жеткирүү;
-аткарылган каттоо жана маалымат берүү жумуштарынын көлөмүн ай сайын эсепке алуу жана отчеттуулукту уюштуруу;
-функциялык милдеттеринин тийиштүү түрдө аткарылышына, ошондой эле эмгек жана өндуруш тартибинин сакталышын жүргүзүү;
-“Инфодокс” ЭДЖ системасы менен толук кандуу иштешин камсыздоо
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер: *
-жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча,
-3 х 4 см сүрөт; * жыйынтык; *
-билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн); *
-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн); *
-КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат; *
-автобиография (кол менен); *
-паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); *
-аскердик даража жана аскердик наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү. *
-Медициналык справка — форма 86-у
Сынакка катышуу үчүн документтерди 2025-жылдын 15-апрелине чейин (кошо алганда) Бишкек ш., Эркиндик пр. 57, кабинет 314, дареги боюнча тапшыруу керек. Тел.62-03-46