Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Таш-Көмүр филиалы кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча жетектөөчу адистин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Таш-Көмүр филиалы кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча жетектөөчу адистин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик.

Квалификациялык талаптар:

  1. Билими – жогорку жана атайын орто жерге жайгаштыруу жана кадастр, юриспруденция, мүлктү баалоо жана башкаруу.
  2. Иш тажрыйбасы — талап кылынбайт.
  3. Мамлекеттикжана расмийтилдердибилүү.
  4. Компьютерди жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды (КЖБ, КЖБ ж.б.) билүү.
  5. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын жер, жарандык ж.б. мыйзамдарын билүүсү.

 

Кызматтык милдеттери:

— Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону ишке ашыруу үчүн берилген документтерди белгиленген тартипте кабыл алат;

— каттоо иш-аракеттерин каттоо, токтото туруу же аткаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат;

— кыймылсыз мүлккө укуктардын келип чыгышын, өтүшүн, токтотулушун, чектөөлөрдүн (оорчулуктардын) мамлекеттик каттоону жүргүзөт;

— кыймылсыз мүлк бирдигине чектөөлөрдүн болушун, жоктугун текшерет;

— ыйгарым укуктуу органдар тарабынан коюлган чектөөлөрдүн (санкциялык тизмелер, алдын алуучу чаралар, камакка алуу, каттоо иш-аракеттерин жүзөгө ашырууга тыюу салуу ж. б.) жоктугуна карата укукту каттоого арыз берген адамдын жеке маалыматтарын текшерет;

— кыймылсыз мүлк бирдигинин каттоо карточкасына жана башка документтерине кыймылсыз мүлккө укуктардын пайда болушу, өтүшү, токтотулушу жөнүндө жазууларды киргизет;

— каттоо делолоруна, анын ичинде электрондук архивге документтерди киргизет, каттоо делосунда камтылган документтердин тизимине жазууларды киргизет;

— кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте берет;

— кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодо кетирилген каталарды мыйзамдарда белгиленген тартипте оңдойт;

— каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди жеке жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте талап кылат;

— мыйзамдарда белгиленген учурларда жана тартипте кыймылсыз мүлктүн мүнөздөмөлөрүн текшерүүнү, мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруу үчүн берилген документтердин аныктыгын экспертизалоону жана кыймылсыз мүлктү техникалык текшерүүнү дайындайт; — кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп саналган документтерди текшерет жана күбөлөндүрөт;

— кыймылсыз мүлккө укуктарды, чектөөлөрдү (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоону күбөлөндүрөт;

— каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү жана консультацияларды берет;

— ай сайын укуктарды жана укуктарды чектөөлөрдү каттоонун көлөмү жөнүндө отчетторду жана кыймылсыз мүлккө катталган укуктар жана чектөөлөр жөнүндө берилген маалыматтарды иштеп чыгат;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

— Агенттик филиалынын ишине тиешелүү талаш-тартыштарды кароодо соттук жана башка инстанцияларда Агенттик филиалынын кызыкчылыктарын белгиленген тартипте көрсөтөт жана коргойт;

-Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинде, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларында аныкталган тартипте өзү даярдаган жана бөлүмдүн башчысы жана Агенттиктин филиалынын жетекчилиги менен макулдашылган доо арыздарды, дооматтарды, доолорго каршы пикирлерди, сот актыларына даттанууларды сот органдарына берет;

— филиалдын директоруна кол коюуга берилген буйруктардын, нускамалардын, жоболордун жана укуктук мүнөздөгү башка документтердин долбоорлорунун мыйзамдарга ылайык келишин текшерет. Ылайык келбегендиги аныкталса, тиешелүү маселени мыйзамдуу чечүү боюнча сунуш киргизет;

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактайт.

 

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

* өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3 х4 см сүрөт;

* жыйынтык (резюме);

* билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

* эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

* КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;

* өмүр баян (кол менен);

* паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү(паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); аскердик билеттин көчүрмөсү.

* окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү.

 

Скоросшивателге көктөлгөн документтер 26июнь 2025-ж. саат 17:30 чейин Ленин көч., 25 -Таш-Көмүр филиалына, кадрлар бөлүмүнө берилиши керек.

Тел. 03745 5-03-38

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Тесттин датасы, убактысы жана орду жөнүндө кошумча маалымат берилет.