Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин чечимдердин  аткарылышын көзөмөлдөө жана иш кагаздарын жүргүзүү секторунун  адиси бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин

чечимдердин  аткарылышын көзөмөлдөө жана иш кагаздарын жүргүзүү секторунун  адиси бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

1.      Квалификациялык талаптар жана жеке сапаттары
Башкармалыктын адиси кызматын ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:
Кесиптик билимдин деңгээли:
       — багыт боюнча жогорку билими, экономика, гуманитардык тил илими, социология, геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, юриспруденция, кыймылсыз мүлктү башкаруу.
                        Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:
—      жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда, иш кагаздарын жүргүзүү, котормо жана редакциялоо багытындагы  иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы
                   Кесиптик компетенттүүлүк:
               Билүүсү зарыл:

—      Мамлекеттик жана расмий тилдерди мыкты билүү;

—      Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

—      “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

—    Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө конституциялык Мыйзамы;

—     Кыргыз Республикасынын  Эмгек кодекси;

—      Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;

—      Кыргыз Республикасынын Этика кодекси;

—        “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

—    Кыргыз Республикасынын “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамы;

—    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы  № 49 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери”;

—      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин “кыймылсыз мүлк үчүн бирдиктүү маалымат тутумунан жана жергиликтүү каттоо органдарынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби жөнүндө” жобо;

—       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

—       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 токтому менен бекитилген кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобо;

—       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын  24-июлундагы № 462 токтому менен бекитилген эмгек китепчесин жүргүзүү тартиби”;

—       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 545 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы жөнүндөгү убактылуу жобо;

—       Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын                                         12-февралындагы №53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо.

      Жоюлган жана/же жоюлбаган  соттуулугу бар, жазык куугунтугу уланып жаткан жана/же токтотулган жана/же шектенүүсү бар  адамдар кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

—  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); мед. справка №086; 3×4 сүрөт — 3 даана;

— паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

— кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, аскердик күбөлүгүнүн көчүрмөсү, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2025-жылдын 9-июнунан баштап 20-июнун кошо алуу менен Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 307-иш бөлмөсүнө саат                                  18:00ге чейин, тапшырылышы керек.