Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Таш-Көмүр филиалы жетектөөчү адис-юристинин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Таш-Көмүр филиалы жетектөөчү адис-юристинин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик.

Квалификациялык талаптар:

  1. Багыттары боюнча жогорку билими: юриспруденция.
  2. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жерге жайгаштыруу жана жер кадастры системасында 1 жылдан кем эмес, же кесиби боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы.
  3. Мамлекеттикжана расмийтилдердибилүү.
  4. Компьютерди жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды (КЖБ, КЖБ ж.б.) билүү.
  5. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын жер, жарандык ж.б. мыйзамдарын билүүсү.

 

Кызматтык милдеттери:

–   Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактайт;

– Борбордук аппарат, министрликтер, ведомстволор жана башка аткаруу бийликтери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана ɵз алдынча башкаруу органдары, Филиалдын башка түзүмдɵрү менен болгон иш аракеттерди ɵзүнүн компетенциясына ылайык камсыздайт;

– Сот, укук коргоо органдарында, ошондой эле Филиалдын ишине байланыштуу укуктук маселелерди кароодо мамлекеттик жана коомдук уюмдарда Филиалдын кызыкчылыгын коргойт;

–  Агенттиктин жана филиалдын жетекчилиги тарабынан коюлган тапшырмаларды, башкармалыктын жобосунда каралган тапшырмаларды жана милдеттерди аткаруусун камсыздайт;

–  Агенттиктин жана Филиалдын компетенциясына кирген маселелерди карайт, жетекчиликтин жана башка мамлекеттик органдардын жыйындарында катышат;

– өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берет;

– жетекчилерге баш ийүү тартибинде жогору турган адамдардын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткарат;

– Белгиленген тартипте филиалдын, Агенттиктин атынан сот инстанцияларына дооматтарды, доолорду, арыздарды, каршы пикирлерди, даттанууларды, өтүнүчтөрдү жана башка документтерди даярдайт;

– Сот иштерин кароонун натыйжаларын талдайт жана жалпылайт, кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарды киргизет;

– Сот жана укук коргоо органдарынан келип түшкөн суроо-талаптарга, жарандардын жазуу жүзүндөгү жана оозеки кайрылууларына, жарандардын консультацияларына жооп берет;

– Филиалдын директорунун кол коюусуна берилген буйруктардын, нускамалардын, жоболордун жана укуктук мүнөздөгү башка документтердин долбоорлорунун мыйзамдарга ылайык келишин текшерет. Ылайык келбегендиги аныкталса, тиешелүү маселени мыйзамдуу чечүү боюнча сунуш киргизет;

– адистер мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка сырларды, анын ичинде мекемеде ишин токтоткондон кийин кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды жашыруун сактоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, алардан мындай маалыматтарды берүүнү талап кылбоого милдеттенет;

– жарандардын катталган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсыз кылат; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон чеберчилик деңгээлин сактайт;

– жогору турган органдардын токтомдорун жана буйруктарын аткарат;

– Филиалдын жана Агенттиктин жетекчилеринин тапшырмасы менен отчетторду, маалыматтарды убагында даярдайт.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

* өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3 х4 см сүрөт;

* жыйынтык (резюме);

* билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

* эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

* КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;

* өмүр баян (кол менен);

* паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү(паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); аскердик билеттин көчүрмөсү.

* окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү.

 

Скоросшивателге көктөлгөн документтер 26май 2025-ж. саат 17:30 чейин Ленин көч., 25 -Таш-Көмүр филиалына, кадрлар бөлүмүнө берилиши керек.

Тел. 03745 5-03-38

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Тесттин датасы, убактысы жана орду жөнүндө кошумча маалымат берилет.