Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Нарын филиалынын Жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт -1 бирдик
Квалификациялык талаптар жана жеке сапаттары |
Жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адиси кызматын ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат: |
Кесиптик билимдин деңгээли: |
Багыттары боюнча жогорку билими: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция, агроном, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу. |
Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы: |
Жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же мамлекеттик/муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
|
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Билүүсү зарыл: |
– Мамлекеттик жана расмий тилдерди;
– Кыргыз Республикасынын Конституциясын; – “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамын; “Жер кодексин колдонууга киргизүү жэөнүндө”, “Жер укуктук мамилерди жөнгө салуу жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын; – Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Турак жай кодексин; – Кыргыз Республикасынын Жер кодексин; – Кыргыз Республикасынын Этика кодексин; – “Айыл чарба жерлерин башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Геодезия жана картография жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнундө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрында № 233 токтому менен бектилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентин”; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жобону; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 токтому менен бекитилген “Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону”; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 311 токтому менен бекитилген “Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жобону; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежесин”; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби тууралуу” жобону; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 388 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобону; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын”; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону; -Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2008-жылдын 14-апрелиндеги №58 Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө (КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 129, 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 142, 2022-жылдын 30-июнундагы № 53, 2022-жылдын 12-июлундагы № 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) мыйзамын; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №759 Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу токтомун; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №760 Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө токтомун; -Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 158 Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке маалыматтарды башка мамлекеттик кармоочулардан (ээлеринен) алган жеке маалыматтардын пайдаланылышына контроль жүргүзүү жөнүндөгү токтомун; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө, Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү жөнүндө тартиптерин; – Жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жобону; – ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу процедураларын; -эмгек, өндүрүш жанга башкарууну уюштуруу негиздерин; -эмгек коргоо эрежелерин жана ченемдерин. – Филиал жөнүндө жобону |
Чеберчилиги: |
– Жетекчинин шыктарына, аналитикалык жөндөмдөргө ээ болуу;
– иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг; – ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; – талаштарды компетенттүү чече билүү, кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу; – өз ишин натыйжалуу пландаштыруу, кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу; – кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу. |
Жөндөмдүүлүк: |
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу; – картографиянын негиздерин билүү; – топографиялык жана геодезиялык иштердин негиздерин билүү жана аны картография материалдарына колдонуу; – административдик иштер боюнча жол-жоболорду билүү; – маалыматтык технологиялардын негиздерин билүү; – конфликттик кырдаалды жөнгө салуу; – маалымат базалары менен иштөө; – презентацияларды даярдоо; – кызматтык убакытты рационалдуу пайдалануу; – Компьютердик жана жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Тилдерди билүүсү: – Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү. Компьютерде иштей билүүсү: – MS/Office; – электрондук почтаны колдонуу; – маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү; – АМТ “Infodocs”(ЭИКЖТ) – ArcGIS, AutoCAD
Жеке сапаттары: Чынчылдык, калыстык, жоопкерчилик, тартип, аткаруучулук, тырышчаактык, демилге, натыйжалуулук, кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу, коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу. |
Негизги жүрүм-турум компетенциялары: |
Инновацияга басым жасоо, командалык иш, натыйжага багыт алуу, аналитикалык ой-жүгүртүү, стратегиялык иштер, профессионалдык өнүгүү, ийкемдүүлүк, лидерлик сапат жана башкалардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү, маданият аралык компетенция. |
Соттуулугу бар/же соттуулугу жоюлбаган адамдар Жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адиси кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес. |
Кызматтык милдеттери |
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
– Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылары менен жергиликтүү каттоо органынын ишмердигин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарына жараша ишмердигин уюштуруу; – жер кадастры, жерге жайгаштыруу маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бирдей аткарылышын жана жүктөлгөн функциялык милдеттерин тийиштүү түрдө аткарылышы; – жарандар менен юридикалык жактардын жерге жайгаштыруу, жер мамилелери боюнча даттануу жана арыздарынын каралып чыгуусун камсыздоо; -жерге жайгаштыруу иштерин жүргүзүү менен укук күбөлөндүрүүчү документтерин даярдоо; – жерлерди трансформациялоо боюнча жерге жайгаштыруу көктөмөлөрүн даярдоо; – айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын компенсацияларын эсептөө; – өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү; – кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо; -Башкармалыктын белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, райсмий маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо, – кызматтык этиканын ченемдерин сактоо; – кыймылсыз мүлктүн бирдигинин маалымат базасына техникалык параметрлердин толук жана туура киргизилишин камсыздоо; – жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогорку кызмат өкүлдөрдүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз учурунда жана сапаттуу аткаруу; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген Агенттикке тиешелүү чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо; – зарыл болгон учурда комиссияларга катышуу; – ар айлык эсепке алуу жана аткарылган жумуштардын көлөмү тууралуу ар айлык отчеттуулуктун өз убагында, туура жана сапаттуу түзүлүшүн уюштуруу жана көзөмөлдөө; – ар айлык отчет түзүү менен так отчеттуулук бланкаларын (мамлекеттик акт, күбөлүктөр) эсепке алуу жана колдонулуша көзөмөлдү камсыздоо; – “Инфодокс” ЭДЖ системасы менен толук кандуу иштешин камсыздоо. ; |
Укуктары |
Төмөнкүлөргө укугу бар:
– жетекчиликке эмгек мамилелерин формасы менен эмгекти төлөө формасы боюнча сунуш киргизүү; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон уюштуруучулук – техникалык шарттарды камсыз кылууга; – белгиленген тартипте кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга барууга; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн жана мамлекеттик органдын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү үчүн, зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдөн жана башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алууга; – өзүнүн өздүк ишиндеги бардык материалдар, өздүк ишине киргизилгенге чейин кесиптик иши жөнүндөгү ой-пикирлер жана башка документтер менен таанышуу, ошондой эле өзүнүн жазуу жүзүндөгү түшүнүк каттарын өздүк ишке киргизүүгө; – жетекчи берген оозеки тескеменин мыйзамдуулугуна шектенүү пайда болгон учурда бул тескемени жазуу жүзүндө тастыктоону талап кылууга. Зарыл болсо, иштин өзгөчөлүгүнүн талаптарына ылайык укуктардын жана ыйгарым укуктардын тизмесин толуктоону суранууга; – берилген кызматтык милдеттерин аткаруу, семинарларга, конференцияларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн кызматтык иш сапарга жана ошондой эле чет өлкөлүк сапарларга барууга; |
Жоопкерчилик |
Төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчилик тартат:
– ушул кызматтык инструкцияга жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн; – Агенттиктин Регламентин, жана ички эмгек тартибин, өрт коопсуздугун жана эмгекти коргоо эрежелерин сактабоо үчүн; – мамлекет тарабынан жана башка мыйзам менен корголуучу сырды түзгөн маалыматты, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон маалыматты ачыкка чыгаруу үчүн; – жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттер же аракетсиздиги үчүн; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызматка байланыштуу чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактабагандыгы үчүн; – мыйзамсыз көрсөтмөлөрдү кошпогондо, жетекчилердин баш ийүү тартибинде жетекчилердин тапшырмаларын, буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн кечиктирип, сапатсыз аткаргандыгы үчүн; – кызматтык милдеттеринин чегинде жарандардын жана коомдук бирикмелердин, мекемелердин, уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларын өз убагында карабоо үчүн; – келтирилген материалдык зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте материалдык жоопкерчилик тартат; – эгер мыйзамсыз буйрук аткарса (же берсе), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик, жарандык же кылмыш жоопкерчилигине тартылат. |
Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:
– жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); аскердик билет, мед. справка №086; 3×4 сүрөт – 3 даана;
– паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);
– кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).
Сынакка катышуу үчүн документтер 2025-жылдын 12-февралынан баштап 2025-жылдын 25-февраль күндөрү Нарын шаары, Ш.Мамбетов көч., 7 дарегине, саат 17: 00гө чейин, тапшырылышы керек.