• Рубрика записи:Вакансии

Квалифициялык талаптар жана жеке сапаттары:

Милдетүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган келишимдерди катто боюнча адиси кызматын ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат.

Кесиптик билимдин деңгээли:

  1. Багыттары боюнча жогорку же орто билими болууга тийиш: жерге жайгаштыруу жана кадастр, юриспруденция, мүлктү баалоо жана башкаруу,геодезия жана картография, архитектруа жана шаар куруу, агроном, гидромелиорация.

Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:

Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билүүсү зарыл:

  • Мамлекеттик жана расмий тилдери;
  • Кыргыз Республикасынын конституциясын;
  • “Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамын;

“Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Жер укуктук мамилерди жөнгө салуу жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;

  • Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Турак жай кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө, Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү жөнүндө тартиптерин;
  • Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону ж.б.

 

Тилдерди билүүсү:

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү.

Компьютерде иштей билүүсү:

  • MS/Office;
  • Электрондук почтаны колдонуу;
  • Маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү;
  • AMT “Infodocs” (ЭИКЖТ);
  • ArcGIS, AutoCAD.

Кызматтык милдеттери:

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо

— Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылары менен жергиликтүү каттоо органын ишмердигин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарына жараша ишмердигин уюштуруу;

— жер кадастры, жерге жайгаштыруу маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бирдей аткарылышын жана жүктөлгөн функциялык милдеттерин тийиштүү түрдө аткарылышы;

-жарандар менен юридикалык жактардын жерге жайгаштыруу, жер мамилелери боюнча даттануу жана арыздарынын каралып чыгуусун камсыздоо;

-өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;

-кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо;

-ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, райсмий маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо;

-кыймылсыз мүлктүн бирдигинин маалымат базасына техникалык параметрлердин толук жана туура киргизилишин камсыздоо;

-жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогорку кызмат өкулдөрдүн кызматтык  ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз учурунда жана саппаттуу аткаруу;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген Агенттикке тиешелүү чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо;

-кыймылсыз мүлккө катталган укук белгилөөчү жана укук тастыктоочу документтердин өз убагында берилишин камсыздоо;

— кыймылсыз мүлккө катталган укук жана чектөөлөр жөнүндө маалыматтын белгиленген мөөнөттө даярдалышы менен тартууланышын камсыздоо;

-укук жана чектөөнү каттоо, катталган укук жана чектөө жөнүндө маалымат даярдоо маселеринде консильтавдик жана методологиялык жардам көрсөтүү;

-укук чектөө, маалымат берүү арыздарынын, бөлүмгө келип түшкөн даттануу, сот актылары, укук, уку коргоо жана тергөө органдарынын токтомдорун, кореспонденциянынадилеттүү кароосун камсыздоо;

-жарандар менен юридикалык жактардын кат, арыз жана даттанууларына жооптордун өз убагында жана счапаттуу даярдалышын белгиленген тартипте кымсыздоо;

-кыймылсыз мүлк боюнча талаш чечүү комиссияларынын жумушуна белгиленген тартипте катышат, комиссиялар үчүн тиешелүү маалыматты даярдоо;

— Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлк боюнча укук мамилелерин жөнгө салүү чөйрөсүндө ченемдик-укуктук актыларды дайыма изилдейт жана катточулардын эске алуусу үчүн мыйзам базасынын өзгөртүү/толуктоолору жөнүндө маалыматты жеткирүү;

-аткарылган каттоо жана маалымат берүү жумуштарынын көлөмүн ай сайын эсепке алуу жана отчеттуулукту уюштуруу:

-функциялык милдеттеринин тийиштүү түрдө аткарылышына, ошондой эле эмгек жана өндүрүш тартибинин сакталышын жүргүзүү:

-“Инфодокс” ЭДЖ системасы менен толук кандуу иштешин камсыздоо.

 

Сынакка катышуу үчүн документтерди 2025-жылдын 6-ноябрынан баштап 19-ноябрына  чейин (кошо алганда) Бишкек ш., Эркиндик пр. 57, кабинет 314, тел. 62-03-46 дареги боюнча тапшыруу керек.