Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин санариптик трансформация башкармалыгынын маалыматтык технологиялар секторунун жетектөөчү адисинин (Тутумдук администратор) бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин санариптик трансформация башкармалыгынын маалыматтык технологиялар секторунун жетектөөчү адисинин (Тутумдук администратор) бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

 

Башкармалыктын секторунун жетектөөчү адиси (Тутумдук администратор)кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:
Кесиптик билим деңгээли:
– эсептөө техникалары жана маалыматтык технологиялар боюнча жогорку билими.
Иш тажрыйбасы жана стажы:
– маалыматтык коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

–  жерди башкаруу, кадастр, геодезия, картография жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы иш тажрыйбасы артыкчылыкка ээ.

Кесиптик компетенттүүлүгү:
Билүүсү зарыл:

– Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.

Укуктук ченемдик актыларды:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

–  “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Электрондук кол тамга жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;

–  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы  № 49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-октябрындагы
№ 709 токтому менен бекитилген Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы жөнүндө жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-декабрындагы № 661 токтому менен бекитилген Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестрин жүргүзүү эрежелери, анын ичинде инфратүзүмдүн элементтерин реестрге киргизүү жана аларды реестрден чыгаруу эрежелерин;

– КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 744 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маалыматтык системаларды түзүү, өнүктүрүү, эксплуатацияга киргизүү, эксплуатациялоо жана эксплуатациядан чыгаруу тартибине коюлуучу талаптарды;

– КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 745 токтому менен бекитилген “Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнүндө жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы
№ 747  токтому менен бекитилген Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптарды;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 748 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө жобону;

– КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралындагы № 66 “Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарга байланышкан айрым маселелер жөнүндө” токтомун;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобону.

Компьютердик жана маалыматтык технологиялар жаатында:

– MS SQL Server , MySQL (маалымат базасынын түзүмүн түзүү жана өзгөртүү, тиркемелерди түзүү) менен билим жана тажрыйба

– PHP, JavaScript , Java , XML, HTML, ASP.NET менен иштөө көндүмдөрү

– SQL жана реляциялык маалымат базаларын билүү;

– IT системаларын жана маалымат базаларын тестирлөө жана ишке киргизүү тажрыйбасы;

– ГИС тиркемелери менен иштөө тажрыйбасы.

Жөндөмдөрү жана көндүмдөрү:

– иштин алдыңкы багыттарын аныктоо;

– ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;

– санариптик технологиялар боюнча мыйзамдардын негиздерин билүү, укуктук, методикалык документтер менен иштөө, аларды практикада колдонуу жана санариптик чөйрөдөгү укуктук тобокелдиктерди адекваттуу баалай билүү;

IT продуктуларынын өзгөчөлүктөрүн жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү;

программалык камсыздоону иштеп чыгуу;

– кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

– талаштарды компетенттүү чече билүү, кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;

– өз ишин натыйжалуу пландаштыруу, кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу;

– маалыматты анализдөө, системалаштыруу жана жалпылоо, жалпылоо, мониторинг жургүзүү, презентацияларды даярдоо;

– натыйжалуу мамилелерди түзүү, ишкердик этиканын ыкмаларын өздөштүрүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат жазуу ыкмаларын билүү, жолугушууларды өткөрүү;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактоо;

– тренингдерди жана билим берүү курстарын өткөрүү боюнча көндүмдөрү;

– чыгармачыл жана стратегиялык ой жүгүртүүгө ээ болуу.

Жеке сапаттары

– чынчылдык;

– калыстык;

– жоопкерчилик;

– тартип;

– пунктуалдуулук;

– демилгелүүлүк;

– натыйжалуулук;

– коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык мамиле кылуусу;

– кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуусу.

3. Кызматтык милдеттери
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сактоо;

– жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсыз кылуу;

– Агенттикте бекитилген ички эмгек тартибин, кызматтык нускаманы, расмий маалымат менен иштөө тартибин жана өз ара аракеттенүүнүн тартиптерин сактоо;

– өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде берилген жогорку кызмат өкүлдөрүнүн буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

– программалык камсыздоону иштеп чыгуу;

– Агенттиктин маалымат базаларын коштоону ишке ашыруу (АСР, ГИС-тиркеме, НИКС, ЕАСБУ, Э-архив ж. б.);

– программалык үзгүлтүктөрдү ыкчам аныктоону жана аларды четтетүүнү камсыз кылуу;

– программалык тиркемелерге маалыматтарды киргизүүнүн тууралыгын жана толуктугун контролдоо;

– маалыматтар базалары менен иштөөнүн натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн программалык каражаттарды өркүндөтүү же жаңылоо боюнча сунуштарды анализдөө жана чогултуу.

– филиалдардын адистерине консультациялык жардам көрсөтүү;

-Агенттиктин маалыматтык сайтын жаңылоону жана коштоону ишке ашыруу.;

– Интернет-порталдын контентин колдоону жана жаңылоону ишке ашыруу;

– программалык модулдарды иштеп чыгуу, тестирлөө;

– тышкы кардарлар менен консультациялык иштерди жана биллинг системасын техникалык колдоону жүзөгө ашырат;

– тышкы кардарлардын маалымат базалары менен иштөөсүнө мониторинг жүргүзөт;

– ички жана тышкы пайдалануучулардын маалыматтык ресурстарды пайдалануусу боюнча отчетторду даярдайт;

– Агенттиктин ишин өнүктүрүү, жаңы технологияларды киргизүү боюнча сунуштарды берет;

– Агенттикке жүктөлгөн милдеттерге ылайык башка кызматтык милдеттерди аткарат.

4. Укуктары
Төмөнкүлөргө укугу бар:

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон уюштуруучулук жана техникалык шарттарды камсыз кылууну талап кылууга;

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга барууга;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрдөн, филиалдардан зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды алууга ошондой эле ишмердүүлүк багыттары боюнча отчетторду талап кылууга;

– өздүк ишиндеги бардык материалдар, өздүк ишине киргизилгенге чейин кесиптик иши жөнүндөгү ой-пикирлер жана башка документтер менен таанышууга, ошондой эле өзүнүн жазуу жүзүндөгү түшүнүк каттарын өздүк ишке киргиздирүүгө;

– жетекчи берген оозеки тескеменин мыйзамдуулугуна шектенүү пайда болгон учурда бул тескемени жазуу жүзүндө тастыктоону талап кылууга.  Зарыл болсо, иштин өзгөчөлүгүнүн талаптарына ылайык укуктардын жана ыйгарым укуктардын тизмесин толуктоону суранууга;

– семинарларга, конференцияларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн кызматтык иш сапарга, ошондой эле чет өлкөлүк иш сапарларга барууга.

5. Жоопкерчилик
Төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчилик тартат:

– ушул кызматтык нускамага жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн;

–  Агенттиктин регламентин, жана ички эмгек тартибин, өрт коопсуздугун жана эмгекти коргоо эрежелерин сактабоо үчүн;

– мамлекет тарабынан жана башка мыйзам менен корголуучу сырды түзгөн маалыматты, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон маалыматты ачыкка чыгаруу үчүн;

– жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттери же аракетсиздиги үчүн;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызматка байланыштуу чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактабагандыгы үчүн;

– мыйзамсыз көрсөтмөлөрдү кошпогондо, жетекчилердин баш ийүү тартибинде жетекчилердин тапшырмаларын, буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн кечиктирип, сапатсыз аткаргандыгы үчүн;

– кызматтык милдеттеринин чегинде жарандардын жана коомдук бирикмелердин, мекемелердин, уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларын өз убагында карабоо үчүн;

– келтирилген материалдык зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте материалдык жоопкерчилик тартат;

– эгер мыйзамсыз буйрук аткарса (же берсе), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик, жарандык же кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

–  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); мед. справка №086; 3×4 сүрөт – 3 даана;

– паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

– кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, аскердик күбөлүгүнүн көчүрмөсү, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 30-майынан баштап 12-июнун  кошо алуу менен Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 320/1-иш бөлмөсүнө саат                                  18: 00ге чейин, тапшырылышы керек.