Жер мунапысы

“Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан тийиштүү иштер аткарылууда. Анын алкагында Жер агенттигине 2025-жылдын I кварталына карата республика боюнча жарандардан 168616 кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинде коомдук билдирүүгө илинген арыздардын саны 129324, берилген техникалык паспорттордун саны 42828 түздү. Ал эми жалпы аянты 10302 гектар жерге 63332 жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилген.