Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча эл менен жолугушуулар

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча өлкөнүн аймактарында мамлекеттик органдардын жетекчилеринин эл менен жолугушуулары болуп жатат. Жолугушууларга Жогорку Соттун, Башкы прокуратуранын жетекчилиги жана 18 министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты. Жолугушуулардын жүрүшүндө тургундар тарабынан социалдык-экономикалык тармактарда, мамлекеттик органдардын иши жана калкты тейлөөнүн сапаты жана ишмердүүлүгү боюнча маселелер көтөрүлдү. Жергиликтүү калк өздөрүнүн көйгөйлүү суроолоруна жооп алышып, айтылбай калган суроолор кат түрүндө берилип, карала тургандыгы айтылды.

Агенттиктен директордун биринчи орун басары Э.А. Сейтказиева жана директордун орун басары М.М. Калыбаев катышууда. Маселелер жеринде угулуп, Агенттиктин филиалдарына тийиштүү тапшырмалар берилди.

 

Бийлик өкүлдөрүнүн эл менен жолугушуусу 1-августтан 17-августка чейин өтөт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.А. Касымалиев 5-8-августта Нарын облусунда, 9-13-августта Ысык-Көл облусунда, 19-22-августта Чүй облусунда эл менен жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Б.Э. Төрөбаев 5-8-августта Ош облусунда, 12-17-августта Жалал-Абад облусунда жарандар менен жолугушууларды өткөрөт.