Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин санариптик трансформация башкармалыгынын маалыматтык технологиялар секторунун адисинин (Методикалык иштер жана сырткы колдонуучуларды тейлөө боюнча) ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин санариптик трансформация башкармалыгынын маалыматтык технологиялар секторунун адисинин (Методикалык иштер жана сырткы колдонуучуларды тейлөө боюнча) ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

 

1.Жалпы маалыматтар
Башкармалыктын  адис кызматын ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:
Кесиптик билим деңгээли:
– эсептөө техникалары жана маалыматтык технологиялар, жерге жайгаштыруу жана кадастр, санариптик башкаруу боюнча юрист багыттары боюнча жогорку билими.
Иш тажрыйбасы жана стажы:
– кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кадастр тутумунда 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же 2 жылдан кем эмес тиешелүү кесиптик чөйрөдө иш тажрыйбасы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:

–   IT жана геомаалымат тутумдарынын, маалымат базаларын башкаруу системаларынын иштөө, башкаруу принциптерин билүү;

– санариптик технологиялар боюнча мыйзамдардын негиздерин билүү, укуктук, методикалык документтер менен иштөө, аларды практикада колдонуу жана санариптик чөйрөдөгү укуктук тобокелдиктерди адекваттуу баалай билүү;

келишимдердин шарттарын, жоболорду, сунуштарды берүү эрежелерин билүү;

IT продуктуларынын өзгөчөлүктөрүн жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү.

Билүүсү зарыл:

– Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

–  Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин;

–  “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Электрондук кол тамга жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;

–  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентин;

–  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы  № 49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-октябрындагы
№ 709 токтому менен бекитилген Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы жөнүндө жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-декабрындагы № 661 токтому менен бекитилген Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестрин жүргүзүү эрежелери, анын ичинде инфратүзүмдүн элементтерин реестрге киргизүү жана аларды реестрден чыгаруу эрежелерин;

– КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 744 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маалыматтык системаларды түзүү, өнүктүрүү, эксплуатацияга киргизүү, эксплуатациялоо жана эксплуатациядан чыгаруу тартибине коюлуучу талаптарды;

– КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 745 токтому менен бекитилген “Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнүндө жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы
№ 747  токтому менен бекитилген Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптарды;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 748 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө жобону;

– КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралындагы № 66 “Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарга байланышкан айрым маселелер жөнүндө” токтомун;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобону.

Жөндөмдөрү жана көндүмдөрү:

– иштин алдыңкы багыттарын аныктоо;

– ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;

– маалыматтык базаларды жана юридикалык кызматтарды колдоно билүү;

– кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

– талаштарды компетенттүү чече билүү, кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;

– өз ишин натыйжалуу пландаштыруу, кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу;

– техникалык, методикалык документтерди иштеп чыгуу;

– маалыматты анализдөө, системалаштыруу жана жалпылоо, жалпылоо, мониторинг жургүзүү, презентацияларды даярдоо;

– натыйжалуу мамилелерди түзүү, ишкердик этиканын ыкмаларын өздөштүрүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат жазуу ыкмаларын билүү, жолугушууларды өткөрүү;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактоо;

– тренингдерди жана билим берүү курстарын өткөрүү боюнча көндүмдөрү;

– чыгармачыл жана стратегиялык ой жүгүртүүгө ээ болуу.

– компьютердик жана уюштуруучулук техниканы, кызматтык милдетин атарууга керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Жеке сапаттары

– чынчылдык;

– калыстык;

– жоопкерчилик;

– тартип;

– пунктуалдуулук;

– демилгелүүлүк;

– натыйжалуулук;

– коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык мамиле кылуусу;

– кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуусу.

3. Кызматтык милдеттери
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сактоо;

– жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсыз кылуу;

– Агенттикте бекитилген ички эмгек тартибин, кызматтык нускаманы, расмий маалымат менен иштөө тартибин жана өз ара аракеттенүүнүн тартиптерин сактоо;

– өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде берилген жогорку кызмат өкүлдөрүнүн буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

– ГИС жана IT чөйрөсүндөгү ички актылардын, методикалардын, келишимдердин жана башка документтердин долбоорлорун даярдоо;

– Агенттиктин маалымат базаларын, маалыматтык системаларын колдонуучу жактар менен иш алып баруу, аларды техникалык, методикалык жактан колдоо;

– каттарды жана дооматтарды түзүү жана жөнөтүү.

– Агенттиктин маалыматтык тутумдарын эсепке алуу, тиешелеүү реестрге киргизүү, каттатуу боюнча иш чараларды жүргүзүү;

– түзүлгөн келишимдерге киргизилген оңдоолорду координациялоо, макулдашуу;

– жеке маалыматтарды коргоо боюнча иш алып баруу;

– Агенттиктин ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин окутууга жана квалификациясын жогорулатууга катышуу;

– Агенттиктин жетекчилери жана жыйындары үчүн материалдарды даярдоо;

– кызыкдар тараптарга кыймылсыз мүлккө катталган укуктар жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүү;

– Агенттиктин ишин өнүктүрүү, жаңы технологияларды киргизүү боюнча сунуштарды берүү;

– Агенттикке жүктөлгөн милдеттерге ылайык башка кызматтык милдеттерди аткарат.

      Жоюлган жана/же жоюлбаган  соттуулугу бар, жазык куугунтугу уланып жаткан жана/же токтотулган жана/же шектенүүсү бар  адамдар директордун кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес.

 

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

–  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); мед. справка №086; 3×4 сүрөт – 3 даана;

– паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

– кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, аскердик күбөлүгүнүн көчүрмөсү, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 6-августунан баштап 19-августун  кошо алуу менен Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 307-иш бөлмөсүнө саат                                  18: 00ге чейин, тапшырылышы керек.