Кыргыз  Республикасынын  Министрлер Кабинетине караштуу  Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча  мамлекеттик агенттигинин Ош   филиалынын картография секторуна адис кызмат ордуна бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт.

Кыргыз  Республикасынын  Министрлер Кабинетине караштуу  Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча  мамлекеттик агенттигинин Ош   филиалынын картография секторуна адис кызмат ордуна бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт.

 

Ош филиалынын  картография секторунун адиси кызмат ордуна – 1 орун жана коюлуучу талаптар:

 

Квалификациялык талаптар:

 

— жерге жайгаштыруу жана кадастр боюнча жогорку билим;  мүлктү башкаруу; архитектура жана курулуш;

—мамлекеттик жана расмий тилди билүү.

— компьютердик иш ишмердүүлүгү  (Word. Excel. СЭД ж.б.) ээ болуу.

— мамлекеттик кызматчы кызматтык милдеттерин аткарууда аткарууга милдеттүү болгон ченемдик укуктук актыларды билүү:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;

— Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

— «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө»; «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»;

Кызматтык милдеттери:

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

—Агенттиктин  жана филиалдын ишине байланышкан талаш-тартыштарды кароодо белгиленген тартипте соттордо жана башка инстанцияларда филиалдын агенттиктин кызыкчылыктарын көрсөтүү жана коргоо;

— филиалдын директоруна кол коюуга сунушталган мыйзамдардын, буйруктардын, тескемелердин, жоболордун долбоорлорунун жана юридикалык мүнөздөгү башка документтердин алардын келип түшүүсүнө жараша шайкештигин текшерүү. Эгерде келишпестиктер аныкталса, тиешелүү маселени мыйзамдуу түрдө чечүү боюнча сунуштарды киргизүү;

— кесиптик этиканын нормаларын сактоо;

жер ресурстары , кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикте жана филиалда белгиленген ички эмгек тартибин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактоо;

— жетекчиге баш ийүү тартибинде жогору тургандардын буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу.

— мамлекеттик каттоо маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын, суроо-талаптарын жана сунуштарын кароо;

— Филиалдын жетекчилигинин башка кызматтык милдеттерин жана көрсөтмөлөрүн аткаруу;

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

— өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3х4 см фото сүрөт;

— эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);

— соттуулугу жоктугу тууралуу КР ИИМинен маалымкат;

— медициналык справка — форма 86-у;

— автобиография (өз колу менен);

— билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— аскердик билеттин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— паспорттун же өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска келгенде паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы).

 

 

Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 27-сентябрынан тартып 2024-жылдын 11-октябрына  чейин  Ош шаары,  И.Раззаков кең көчөсү 15 А дарегине  саат 17:00 гө чейин тапшырылышы керек. Тел:   (03222) 8-38-01;  +996 553 344 343