Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Каракол-Аксуу филиалы, Жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адис -2 бирдик бош кызмат ордун ээлөөгө ачык сынак жарыялайт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Каракол-Аксуу филиалы, Жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адис -2 бирдик бош кызмат ордун ээлөөгө ачык сынак жарыялайт..

Жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адис – 2 (эки) бирдик.

Кесиптик билим деңгээли: Багыттары боюнча  жогорку билими: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр,  архитектура жана шаар куруу, юриспруденция,  агроном, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.

Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:

Жер кадастры жана топографиялык  изилдөө  бөлүмүнун  адиси – жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же мамлекеттик/муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

 Кесиптик компетенттүүлүгү:

–  Мамлекеттик жана расмий тилдерди;

–   Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

–   “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын конституциялык Мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамын;

“Жер  кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө”,   “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө  жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, Административдик иштин негиздери жана административдик  жол-жоболор жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;

–   Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Турак жай  кодексин;

–   Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;

–   Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;

-“Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун өткөрүп берүү (трансформациялоо) жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын арыздарын кароонун тартиби жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024жылдын  12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

Компьютерде иштей билүү:

– MS / Office;

– электрондук почтаны башкаруу, интернет тутуму менен иштөө;

– СЭД  жана башка маалымат базалары менен иштөө чеберчилиги.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

  • өздүк арызы, кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөт 3 х4 см;
  • резюме;
  • билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  • автобиографию (кол менен);
  • паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктаган документтин түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек); аскердик билеттин көчүрмөсү.
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.

             Папкага салынган документтер 2024-жылдын 6-ноябрынан баштап 2024-жылдын 25-ноябрына чейин  саат 17:30га чейин Каракол шаары Тюпская №1  дарегине тапшырылат. Тел. 03922 3-12-92, 0508010108

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Сынактын датасы, убактысы жана орду кошумча жарыяланат.